www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия борбор азиялык студенттер үчүн квоталарды көбөйттү

Борбор Азия мамлекеттеринин студенттери үчүн россиялык жогорку окуу жайларда 2023–2024-окуу жылына карата квоталар көбөйдү. Бул тууралуу РФтин тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин "Валдай" эл аралык дискуссия клубунун Томск шаарында өтүп жаткан III борбор азиялык конференциясынын отурумунда айтты.

"Казакстандын жарандары үчүн 200 орун, кыргызстандыктарга 200, өзбекстандыктарга 50, тажикстандыктарга 152 орун кошулду", — деди Галузин.

Ал ошондой эле Россия бул аймактагы мектептеги билим берүүгө, жогорку кесипкөй адистерди даярдоого жардам берүү боюнча абсолюттук лидер экенин белгиледи. Мисалы, өткөн жылы Тажикстандын беш шаарында орус тилдүү мектептер ачылган. Жакынкы келечекте Кыргызстанда дагы ушундай мектептер пайда болот.

Мындан тышкары, Галузиндин айтымында, Борбор Азияда россиялык алдыңкы жогорку окуу жайларын ачуу пландалып жатат. Кыргызстанда Москва мамлекеттик университетинин, Казань федералдык университетинин филиалдары жана Экономиканын жогорку мектеби ачылат.

"Бүгүнкү күндө РФте Борбор Азиядан келген 185 миң студент окуп жатат. Россиялык бюджеттин эсебинен 68 миңи билим алууда. Бул жалпы студенттердин 40 пайызын түзөт", — деди министрдин орун басары.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости