www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин Политехническая жана Водопроводная көчөлөрүндө 25-августта ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт.
Бул тууралуу «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, суу берүү 25-августта саат 09:00дөн 21:00гө чейин токтотулат. Чектөө турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык, тиричилик жана өнөр жай объектилерине тиешелүү болот.
Суунун убактылуу өчүрүлүшүнө диаметри 150 мм болгон эки клапанды алмаштыруу иштери себеп болууда.
«Бишкексууканал» келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, шаар тургундарын жана уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырды.
Мындан тышкары, «Менин шаарым» тиркемесин жүктөп алып, ичүүчү суунун пландуу жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу билдирмелерди алып турууга болот.