www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун Ноокат районунда ВАЗ-2106 жана Lexus 300 үлгүсүндөгү унаалар кагышып, жол кырсыгынан 22 жаштагы жигит каза болду. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Кырсык түнкү саат 23:30дар чамасында болгон. Алдын ала маалымат боюнча, ВАЗ-2106 унаасында төрт адам болгон. Айдоочу керектүү жерден өтүп кеткенден кийин артка кайрылып, бурулууга аракет кылган. Ошол учурда каршы тилкеге чыгып кетип, өз тилкесинде келе жаткан Lexus 300 менен кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен ВАЗ-2106 унаасындагы 22 жаштагы жүргүнчү окуя болгон жерде каза болгон. Калган жүргүнчүлөр жаракат алышкан.

Текшерүү учурунда Lexus 300 унаасын 16 жаштагы өспүрүм башкарып баратканы аныкталган.

Учурда кырсык боюнча текшерүү жүрүп, окуянын бардык жагдайлары такталууда.

Последние новости