www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Самаков Билим берүү министри Догдургүл Кендирбаеваны жарга такады. Ал өз сөзүндө мындан бир жыл мурун Бишкек шаарынын Ленин районунда жайгашкан №64 бала бакчанын имараты туура эмес багытта ижарага берилип, учурда ичинде офистер, кийим жуучу жай, нотариустар иштеп жатканын айтты.
«Бишкек шаарынын Иса Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан №64 бала бакча боюнча 27-июнь 2024-жылы айттым эле. Бир жылдан бери ар кандай шылтоо айтып, мамлекеттик органдандар бири-бириңерге шылтап келе жатасыздар, бирок бул маселе баардык инстанциядан өтүп келип, сизге такалган. Ленин районунда бала бакча жетиштүүбү? Колумдан келбейт десеңиз, айтыңыз, биз башка чараларды көрөлү», — деди эл өкүлү.
Булак: NazarNews.kg