www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү журналист Нарын Айыпты эскерүү

Ошентип кыргыз эли дагы бир демократ уулунан ажырады.

Бул биз үчүн орду толгус жоготуу, оор кайгы болду.

Бүгүн мекендешибиз жана кыргыз элинин патриот уулу Нарын Айыптын дүйнө салганы боюнча суук кабар желдей тарап, ар бир ак жүрөк жана мекенчил Кыргыз жаранынын кайгыга батып турган учуру.

Кыргыз журналистикасында эгемен Кыргызстандын жаңы тарыхынан бери талыбай жана чарчабай, өз позициясынан кайтпай, жогору маданияты жана интеллекти менен башкалардан айырмаланган бир таланттуу инсан болгон. Ал жалпы журтка аттын кашкасындай таанымал журналист НАРЫН АЙЫП.

Ал окуусун бүтүп, Москвада СССР дин Илимдер Академиясында иштеп жүрүп, 1990-жылдары “Мүрөк” деген кыргыз тилиндеги туңгуч гезит түзүп, Россиядагы кыргыздардын жашоо турмушунун күңгөй тескейин чагылдырып, ошол кезде эле чыныгы патриот экендигин көргөзгөн.

"Мүрөк" гезити эгемендик алгандан бери чыккан кыргыз тилиндеги алгачкы гезит болуп калды.

Анан Нарын Айып ошол “Мүрөк” гезитинин атынан Кыргызстандагы алгачкы жаралган демократиялык уюм болуп эсептелген Кыргызстан Демократиялык Кыймылынын (КДК) нын мүчөсү болуп, КДК менен байланышын аягына чейин үзгөн жок.

Нарын Айып Бишкекке келип, “Республика” гезитинде редактордун орун басары болуп иштеп, Акаевдин бийлигин сындаган өтө курч макалаларды ар жума тынбай чыгарып турду.

Ошол кездеги Президент Акаев тууралуу жазылган мындай маанилүү макалалар элдин колдоосуна ээ болуп, Акаевдин ар бир баскан кадамы Нарын Айып тарабынан көзөмөлгө алынып, айласы кеткен Акаев бир сөзүндө “Менин ар бир кадамымды күнүгө көзөмөлдөп жатпайсыңарбы” деп мойнуна алган учурлары да болгон.

Ал 1993-1995-жана 2000 - 2002-жылдары Мюнхенде, анан Прагада Азаттык радиосунун кыргыз кызматында иштеп, кесипкөй коллективди жетектеп, калыс, чынчыл жана текшерилген маалыматтарды берип, өз ишин билген чыныгы эл аралык деңгээлдеги профессионал журналист экендигин көргөзө алды.

Ал үй-бүлөсүнүн Прагада калганына кайыл болуп, өз мекенине келип, "Кабар" Улуттук маалымат агенттигинде директор болуп иштеп, чыныгы аналитик жана уюштургуч экендигин көргөзө алды. Андан кийин УТРКнын “Ала-Тоо” маалымат-аналитикалык дирекциясынын директору болуп иштеп, мамлекеттик телевидениенин ролун болуп көрбөгөндөй көтөрө алды.

Акыйкатчынын ала качууну токтотуу боюнча сунушун колдоп, ала качкан кыздар боюнча “Ала-Тоо” маалымат каналынан оперативдүү түрдө маалымат берилип, ала качууга кабылган ондогон кыздар кайрадан үйүнө кайтарылган учурлар болуп, ала качуу эки эсеге кыскарып, бул багытта адам укугунун корголушуна Нарын Айыптын ролу зор экендигин айтпай коё албайбыз.

НТС де жана “Заноза” сайттарында иштеп жүргөндө курч берүүлөрү жана акыйкат сындары үчүн ошол кездеги Президент Атамбаев менен соттошуп, айыптарды төлөп, аз жерден ата-энесинин үйүн да алдырып коё да жаздаган.

Нарын Айып 5-каналда иштеп турганда дагы өзүнүн адискөй журналист экендигин көргөзүп, укмуш кызыктуу берүүлөрдү уюштуруп, берүүгө бийлик менен оппозициянын өкүлдөрүн бирдей катыштырып, журналистиканын акыйкаттуулугун жогорку деңгээлге көтөрө алган.

Андан соң “Назарньюс” сайтында иштеп, бийлик менен оппозициянын көз караштарын чагылдырган берүүлөрдү уюштуруп, адам укугу боюнча көп берүүлөрдү алып барып, элди калыс маалыматтар менен камсыз кылды.

Айрыкча, Кемпир-Абадчылардын камалышы боюнча ондогон берүүлөрдү алып барып, биздин күнөөсү жок камалган жарандарыбыз тууралуу сын пикирибизди коомчулукка жеткирип, Кемпир-Абад боюнча уюштурган жыйындарыбызга калбай келип, ал боюнча камалган адамдар туура эмес камалып жатканы тууралуу өз пикирин билдирип да турду.

Анткени Нарын Айып коомдо болуп жаткан окуяларга кайдыгер карабаган, эл жер үчүн күйгөн керемет инсан эле.

Ал эми 7-каналга барганда дагы ыраматылык Нарын Айып өзүнүн позициясынан тайбай, сын пикирлерди айткан биз сыяктуу адамдарды дагы чакырып, курч берүүлөрдү уюштуруп, 7-каналдын кадыр-баркын дагы жогору көтөрө алды.

Ал жерде да учурда негизсиз камалып жаткан жарандардын укугунун бузулуп жаткандыгы тууралуу айткан маектерибизди бийликчил деп эсептелген 7-каналдан дагы берип турганы Нарын Айыптын жеке демилгеси жана кадыр-баркы десек болот.

Нарын байкебиз атак-даңкка, кызматка эч умтулбай, эч көтөрүлбөй, жөнөкөй жашап өттү.

Ал 70 жашка чыкканда канчалаган анын жактоочулары жана идеялаштары ага мамлекеттик сыйлык берүү тууралуу маселени көтөрүп чыгышты. Бирок ага жөнөкөй эле грамота дагы берилип койгон жок.

Нарын Айып өлкөдөгү №1 журналист болуп эсептелээрин эч ким талаша албайт.

Ал эми буга чейин жутунган жана бийликке кошомат кылган, атак-даңк үчүн жүгүргөн, Ак үйдө колдоочу туугандары барлар, Нарын Айыптан кийин гана журналисттикага келген, анын жасаган эмгегинин жарымына да жете элек журналисттер орден, медаль алууга жетишти. Ал эми улуттук эле эмес, эл аралык деңгээлдеги журналист Нарын Айыптын бир кичинекей мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болбой калышы, өтө өкүнө турган көрүнүш.

Анткени, турмушка сын көз карашы, өз бекем позициясы бар, улут үчүн күйгөн, чындыкты айткан, бийликти мактап жактабаган журналисттер өлкө тарабынан бааланбай тургандыгын Нарын Айыптын мисалынан ачык көрсөк болот.

Кош, Нарын байке, мен урматтаган улуу инсан.

Сиз мамлекеттик сыйлык албаганыңыз менен миңдеген окурмандардын жана көрөрмандардын жүрөгүндө жана эсинде эң күчтүү жана терең билимдүү калемгер катары түбөлүккө каласыз.

Өз ишиңизге берилип, жүрөгүңүз токтоп калган акыркы саатка чейин эл үчүн тынбай иштеп, иш үстүндө жан бердиңиз.

Сиздей асыл, ишин чындап сүйгөн, таза жана профессионал инсанды элибиз эч качан унутпайт.

Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун.

Сиздин идеялашыңыз жана замандашыңыз

Укук коргоочу,

Кыргызстан Демократиялык

Кыймылынын (КДК) төрагасы Турсунбек Акун

13-февраль 2025-жыл.

Последние новости