www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай полициясы коррупцияга шектелген чиновниктин үйүн тинтүү учурунда, жомоктогудай кенчке туш болушту. Ганьчжоу шаарынын мурунку мэри Чжан Цинин үйүнүн жер төлөсүнөн банктар эле эмес көптөгөн мамлекеттердин казынасында да жок алтын табылды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыкты.

Маалыматтарга караганда, 57 жаштагы экс-мэрдин үйүнөн ар кайсы валютадагы жүздөгөн килограммдаган акчалар жана баалуу таштардан сырткары 13 жарым тонна алтын куймасы чыккан. Ошондой эле, ал аянты миң чарчы метрден ашкан бир нече батирлердин да ээси болуп чыккан.

Экс-мэрдин үйүнөн табылган акча, алтын, баалуу таштар жана антиквариат буюмдарды бир нече аскердик жүк ташуучу унааларга жүктөп кетишкен.

Чжан Ци өлүм жазасына тартылат деп айтылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости