www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин эл тартипке муктажбы?

Премьер министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Коопсуз шаар" долбоорунун ишке кириши менен куттуктап, өз сөзүндө "Биздин эл тартипке муктаж болуп, сагынып калышыптыр",-деди. Деген менен эмне биздин жарандар тартипсиз беле? Же биздин коррупционер чиновниктер тартиптүүбү?

Карапайым калктын намысына тийген Өкмөт башчыбыз, тартипти коюп, картөшкөнүн маселесин чечип берсе болот эле деги. Дыйкандардын деле убал сообу бар да акыры. Кол чатырды көтөрүп, аялдар менен ары-бери баскандан майнап чыкпайт да. Ээ кокуй, эл багар уул болуш керек го акыры. Эл тартипке суусап калганынан жол эрежесин сактап жатышкан жок да, эл итке минген кедейликтен, акчасы жогунан айып пул төлөп калбаштын аракетин көрүшүүдө.

Булак: "Ачык саясат"

Последние новости