www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында "Старый толчок" базарынын аймагынан 17 жаштагы кызды үй бүлө куруу максатында ала качып кетишкен. Бирок отуруп калбайм деген кыздан туугандары дагы баш тартты. Бул тууралуу "Открытая линия" коомдук фондунун жетекчиси Мунара Бекназарова билдирди.

Анын айтымында, бул окуя жакын арада болгон. Жашы жете элек кыз ошол күнү ооруп, температура болуп ооруп, дем алуусу кыйындай баштагандыктан, дары сатып алуу үчүн аптекага барган.

Жолдон машина айдап бара жаткан кошуна жигит жеткизип коюну сунуштаган. Кыз макул болбой койгондо, кошунасынын досу аны машинага күч менен салып ала качып кетишкен. Кызды үйгө алып келишкенде ал отурбайм деп чыр салган. Ошол маалда баланын апасы "Сен кантип менин баламдан баш тартып жатасың?" деп башына чаап ура баштаган.

Бекназарованын айтымында, урдалган кыз жардам сураганга үлгүргөн. Милиция кызматкерлери келгенде, ал өзүнүн үйүнө дагы кереги жок экенин уккан. Туугандары "сен ажырашкансың, милиция чакыр деп ким кеңеш берди", – деп кыздан баш тартышкан белгиледи.

Ал эжесине жардам сурап барган, бирок эжеси күйөөсү "биздин үйдө андайларга орун жок" деп айткандан кийин, эжесинин үйүндө дагы батпай, ал жактан кетүүгө аргасыз болгон.

Бекназарова кыз азыр аман-эсен экенин, бирок ал шок абалда экенин белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости