www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 18-июлга карата Кыргызстанда COVID-19дун 88 жаңы учуру катталган. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлайт.
Маалыматка ылайык, анын ичинде 72 адам оорунун белгилери пайда болгондуктан кайрылган, 2 адамдан өлкөдөн учууга байланыштуу ПЧР-тест тапшырууда, 8 учур сырттан келгендерден (Корея, Литва, Венгрия), 6 адам ооруга чалдыккандар менен байланышкандар арасында аныкталган.
Ал эми аймактар боюнча, Бишкек шаарында – 81, Жалал-Абад облусунда – 1, Чүй облусунда – 6 жаңы учур катталган.
Бүгүнкү күндө амбулатордук дарыланууда - 75 адам болсо, ооруканада жаткандардын саны 13тү түзөт.
2022-жылдын 18-июлуна карата тобокелдикти баалоо матрицасына ылайык бардык облустар жашыл аймакта турат.
Пандемия башталгандан бери өлкөдө жалпысынан коронавирустун 201 миң 704 учуру катталган. 2022-жылдын 6 ай 17 күнүндө COVID-19дун 16 миң 956 учуру катталган, анын ичинде 14 миң 962 (88,2%) лабораториялык жана 1 миң 994 (11,8%) клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган.
Булак: NazarNews.kg