www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик салык кызматынын 10 инспектору коррупция иши боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин ("Коррупция") негизинде иш козголду.

"Салыкчылар бизнесмендер менен сүйлөшүп алып салыктын көлөмүн 100 миллиондон ашык сомго азайтып коюшкан. Бул каражат алардын текшерүүсүнөн кийин мамлекетке төлөнүшү керек болчу", — деп айтылат маалыматта.

Салыкчыларга айып тагылып, бөгөт чарасын караган сот камакка алуу чечимин чыгарган.

Учурда кылмышка тиешеси бар башка дагы адамдарды аныктоо үчүн иш жүргүзүлүп жатат. Анын жыйынтыгын УКМК элге жарыялайт.

Последние новости