www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 17-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту жарандык активист Али Шабдандын баш коргоо чарасы карап, аны 20-июнга чейин камакта калтырды.

«Тергөөчүлөр эмне кыларын билбей жатышат. Биз баары бир сынбайбыз», — деди ал.

12-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту массалык баш аламандыкка даярдануу боюнча кармалгандардын бир нечесинин баш коргоо чарасын үй камагына өзгөрткөн.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын октябрь айында башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган 20дан ашык саясатчы жана активисттер жапырт камалган. Алар «Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы» болуп келген.

Учурда алар Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда. Онго жакыны ден соолугуна байланышуу үй камагына чыгарылган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости