www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Black Lives Matter кыймылы Нобель сыйлыгына көрсөтүлдү

Black Lives Matter (BLM, «Жизни чернокожих важны») кыймылы Нобель Тынчтык сыйлыгына көрсөтүлдү. Бул демилгени Норвегия парламентинин депутаты Петтер Эйде көтөргөн.

Анын айтымында, кыймыл «расалык дискриминацияга каршы глобалдык күрөштүн» ажырагыс бөлүгү болуп калды жана дүйнө жүзү боюнча бул темага кызыгуу жарата алды. Парламентарий, АКШдагы жана башка өлкөлөрдөгү БЛМ нааразычылык акцияларын коштогон башаламандыктарга жана погромдорго карабастан, акциялардын көпчүлүгү тынч өткөндүгүн белгиледи. Ал белгилегендей, окуялардын көпчүлүгү полициянын же нааразы болгондордун оппоненттеринин иш-аракеттеринен улам келип чыккан.

Белгилей кетсек, 2020-жылы БУУнун Бүткүл Дүйнөлүк Азык-түлүк Программасы (БУУ ДАП) Нобель Тынчтык сыйлыгынын лауреаты болгон. Белгиленгендей, уюм сыйлыкка ачкачылык менен күрөшүү аракеттери жана жаңжал жапа чеккен аймактарда тынчтыкка жетүү үчүн шарттарды жакшыртууга кошкон салымы үчүн ээ болду.

Мындан тышкары, комитет Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын ачкачылыкты согуш жана чыр-чатактарда курал катары колдонбошуна кошкон салымын жогору баалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости