www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европа Биримдиги коронавируска каршы «Pfizer/BioNTech» вакцинасын Британияга экспорттоого чек коюшу мүмкүн. Мындай чечим Британиянын Европа өлкөлөрүнө COVID-19 вирусуна каршы дагы бир «AstraZeneсa» вакцинасын жеткирүүдө милдеттенмелерин аткарбаганы үчүн кабыл алынышы ыктымал.

Бул тууралуу Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишелдин расмий катына шилтеме берип британиялык «The Independent» гезити жазып чыкты. Басылманын маалыматы боюнча, Британияга карата чара көрүү тууралуу демилге менен Еврокеңешке Австрия, Чехия, Дания жана Грекия кайрылган. Бул өлкөлөрдүн жетекчилери менен сүйлөшкөн соң Шарль Мишел тиешелүү сунушту Еврокомиссиянын жетекчилигине жөнөткөн.

«AstraZeneсa» компаниясы Евробиримдикке вакциналар кечигип жатканын күтүүсүз жерден 22-январда билдирген. Компания муну биримдик менен келишим кечирээк түзүлгөнү менен түшүндүргөн. Ошол эле учурда «AstraZeneсa» Британияга вакциналарды өз убагында жеткирип жатат.

Европа Биримдиги уюм үчүн өндүрүлгөн вакцинаны компания башка жакка cатып жибериши мүмкүн деп шектенип жатат. Бирок бул маалыматты ишкана четке кагууда.

Еврокомиссия коронавируска каршы вакцина өндүргөн сегиз компания менен эки миллиарддан ашык препарат алыш үчүн келишим түзгөн. Учурда биримдиктин аймагында Белгияда өндүрүлгөн «Pfizer/BioNTech» вакцинасы менен эмдөө жүрүп жатат.

Европа Биримдигинде 450 миллиондон ашык киши жашайт. Учурда коронавируска каршы 8,5 миллиондой адам эмделди. Пандемия башталгандан бери Европада 19 миллиондой адам вирус жугузса, анын кесепетинен 450 миңден ашык адам каза болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости