www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркуловдун кармалышы боюнча пикирин айтты.

Ташиев маалымат катчы менен бир топ жылдан бери тааныш экенин билдирди.

«Ишибизге байланыштуу бир нече ирет жолубуз бириккен, башыбыздан көп нерселер өткөн. Аны жакшы жагынан гана билем. Эми УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Анаркуловду кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттик кызматка талапкер болуп жаткан адамдан маселени оң жагына чечип берүүнү убадалап акча талап кылды деген шек менен кармап отурат. Мындай мыйзамсыз аракеттер элдин бийликке ишенимин кетирип, кадырын түшүрөт», — деди Ташиев.

Бирок, төрага экөөнүн тааныштыгы жана жакын мамилеси иштин иликтенишине таасир этпей турганын, эгер Анаркуловдун күнөөсү далилдене турган болсо, мыйзам алдында жооп берерин кошумчалады.

Эске салсак, бүгүн ири өлчөмдө пара талап кылган деп шектелип президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов кармалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости