www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Нигердин кулатылган президенти Мохамед Базум менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу америкалык аткаминер X (мурдагы Twitter) баракчасында билдирди.

"Учурдагы конституциялык кризисти тынчтык жолу менен чечүү үчүн биздин уланып жаткан аракеттерибизди билдирүү ниетинде Нигердин президенти Базум менен сүйлөштүм", - деп жазган Блинкен.

Ал АКШ президентти жана анын үй-бүлөсүн камактан тез арада бошотууга чакырып жатканын баса белгиледи. 26-июлда Нигердин президенти Мохаммед Базум жана анын жубайы өз сакчылары тарабынан кармалган. 26-июлдан 27-июлга караган түнү өлкөнүн Куралдуу күчтөрү өлкөдөгү бардык мамлекеттик мекемелердин ишин токтотуп, коменданттык саат киргизип, чек араларды жапты.

Ошол эле учурда Нигердеги козголоңчулар жер которгон өкмөттүн физикалык бүтүндүгүн кепилдикке алышкан. 27-июлда БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш козголоңду токтотууга жана президент Базумду бошотууга чакырды.

Козголоң АКШ менен Евробиримдикте да айыпталды. Россия жаңжалдын тараптарын диалогго чакырды. 28-июлда президенттик гвардиянын мурдагы башчысы, генерал Абдурахман Чиани төңкөрүштү жасаган аскерлердин атынан өзүн Мекенди куткаруу боюнча улуттук комитеттин башчысы деп жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости