www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиянын президенти Владимир Путин Түштүк Африка Республикасынын президенти Сирил Рамафоза менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Кремлдин расмий сайты маалымдайт.
Түштүк Африканын президенти жакында Санкт-Петербургда өткөн Россия-Африка саммитинин жыйынтыктарына оң баасын берди, бул Россиянын Африка өлкөлөрү менен кызматташтыгын мындан ары да чыңдоого өбөлгө болорун билдирди.
Владимир Путин менен Сирил Рамафоза 29-июлдагы өзүнчө жолугушуудан кийин Россия менен Түштүк Африканын ортосундагы практикалык кызматташуунун бир катар маселелери талкууланып, соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды чыңдоого басым жасалды.
Учурдагы эл аралык күн тартиби, анын ичинде 23-24-августта Йоханнесбургда боло турган БРИКС саммитине даярдык көрүү боюнча мындан аркы конструктивдүү өз ара аракеттенүүгө эки тарап ниетин билдирилди.
Булак: NazarNews.kg