www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облусунда классташтардын жолугушуусунан кийин күйөөсү тарабынан өлтүрүлгөн аял тууралуу пикири коомчулукта резонанс жараткан блогер Бауржан Абдумаликов кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.
ШИИББ кабарлагандай, Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (Расалык, этникалык, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Милиция кызматкерлери 1987-жылы туулган А.Б.ны кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Жол» өткөрүү пунктунан кармашты. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө уланууда.
38 жаштагы Айзирек 26-майда өлтүрүлгөн. Аны күйөөсү 20 жылдык жолугушуудан кийин атып салган.
Тергөөдө аныкталгандай, 1985-жылы туулган А.Б., жубайын кызганган, ушундан улам үйдө жаңжал чыккан.