www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мэрия:

Бишкек мэриясынын муниципалдык инспекциясы "Дордой" базарында тартипти орнотуу иштерин баштады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, буга чейин аймакты көрктөндүрүү, уруксат берилбеген жерлерде стихиялуу сооданы болтурбоо жана фасаддын тетиктерин талаптагыдай абалга келтирүү боюнча 20 буйрук чыгарылган.

Уруксатсыз сооданын алдын алуу боюнча талаптарды бир нече жолу бузгандыгы үчүн «Дордой базары» ЖЧКсына, «Мурас Спорт» ЖЧКсына жана М.Т.М жана А.Т. аттуу жарандарга карата протоколдор түзүлүп, айып салынган.

Мындан сырткары, «Сарын» ЖЧКсынын аймагында антисанитардык абал жана дөңгөлөктөр сакталганы аныкталган.

"Бардык аныкталган мыйзам бузуулар боюнча муниципалдык инспекция тарабынан мыйзам бузууларды четтетүү жана ага чектеш аймакты жагымдуу абалга келтирүү тапшырмасы берилди",-деп айтылат маалыматта.

Последние новости