www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 13-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда блогер Ырыс Жекшеналиевдин иши боюнча соттук отурум өтүүдө.

Эксперттер бардык суроолорго жооп бербегендиктен, судья Мирбек Сатарбек уулу кошумча белгисиз экспертиза жүргүзүү үчүн сот процессин жаңыдан баштады.

Сот залында адвокаттар менен прокурор кошумча экспертизага каршы чыгышты.

Жекшеналиев жаңы кармалганда уюлдук телефондун камерасына тартып, кечирим суроону талап кылышканын билдирди.

"Мен азыр бул жерде отурган судья менен прокурордон кечирим сурайм, эгер мен ошондо макул болуп, мени кармап кеткен адамдардан кечирим сураганымда, балким, азыр мунун баары болбойт болчу жана сиздерге оорчулук болмок эмес", - деди.

Жекшеналиев өзү да кошумча экспертиза жүргүзүүгө каршы болду. 

"Тергөөчүлөр жана Улан Жапеков бул иштин баарын туңгуюкка алып келди. Алина Асанова дагы бул видеону жарыялаган, бирок эмнегедир ал жоопко тартылбай жүрөт. Мен анын кармалышын каалабайм, бирок адилеттүүлүк болушу керек да. Кошумча экспертизаларга каршымын", - деп жыйынтыктады Ырыс Жекшеналиев.

Эскерте кетсек, Фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасынын администратору Жекшеналиев 2022-жылдын 14-август күнү милицияга бир нече саат сурак бергенден кийин камалган. Буга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону аталган баракчага жайгаштырганы негиз болгон.

Активистке каршы Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин («Калайман башаламандык») 3-бөлүмүнө («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») ылайык кылмыш иши козголгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости