www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ММКга чыккан маалыматка караганда бул УКМКнын атайын операциясы эмес эле багынып берүү болуп калгандай. Анткени атайын даярдыктагы УКМКнын иш-чарасы мындай калпыс чалажан болбош керек болчу. Менин билишимче спец операция болгон жерде натыйжа (результат) сөзсүз түрдө болуу керек жөн эле короого кирип анан чыга албай калуу эмес. Бүтүндөй дүйнө коомчулугунун астында өтө осол иш болду. Анткени күч түзүмдөрүнүн анын ичинде УКМКнын алсыз даярдыкта экени профессионал кадрлар менен толукталбаганы ачыкталып калды. Мындай пикирин мурдагы депутат Бөдөш Мамырова билдирди.

--Бул жерде дагы бир күмөн ой жатат кандай максатты көздөп барды короого кирип чыга албай калуу жолу менен Атамбаевди күчтөндүрүү эмеспи. Анткени А.Сегизбаевдин жана башка даярдыгы бар балдардын  ошол жерде болгону көп нерседен кабар берет. Алдын-ала маалымат да жеткен болуу керек. Атамбаев тайманбай айтып атат, “мен аттым менде боевой курал бар болчу”, деп. Ошол өлгөн атайын кызматтагы жоокердин убалы уктатпасын, эки дүйнө азабын тартып өт, наадан келесоо дегенден башка айла жок. Үч айдан бери карапайым муктаж адамдар менен штаб түзүп алып, оозуна келгенди оттоп жаткан Атамбаевдин оозун жаап мыйзамдуу чара көрө албаган акыры спецоперация деп барып таяк менен ташка туруштук бере албай короодон чыга албай барымтада калган УКМК менен ИИМ үчүн кечирилгис жоопкерчиликти тарта турган  иш болду. Чукул чара көрүү керек. Жетекчиден баштап иш-чараны уюштурган жооптуу адамдардын баарына мыйзам чегинде ички эрежелеринин негизинде чара көрүп, тез арада профессионал кадрлар менен толуктоо керек. Антпесе мындай структуралар менен иштөө мамлекет үчүн өтө кооптуу. Мындай араңжан УКМК менен ИИМдин кимге кереги бар алжыган АШАга туруштук бере албай барымтада калган. Дагы бир өтө ойлондурган олуттуу нерсе Президенттин бирдиктүү иш билги командасы жок, дагы деле 70% Атамбаевдин кадрлары менен иштеп атканы күч структурасында айрыкча УКМКда дагы деле А.Сегизбаев менен Атамбаевдин таасири бар экени ачыкталып калды. Мындай кош көңүл эки анжы кадрлар менен мындан ары кантип иш алпарып мамлекеттин кызыкчылыгын элдин бүтүндүгүн сактоону ойлоно турган мезгил келип жетти, деп билдирди Бөдөш Мамырова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости