www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кой-Ташта бүгүн мобилдик интернет байланышы дээрлик жок болуп жатат. Саат кечки төрттөн кийин телефон байланышы да үзгүлтүккө учуроодо.
Бир аз мурдараак "Азаттыктын" кабарчылары Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө күч түзүмдөрү кулак тундуруучу жана көздөн жаш агызуучу каражаттарды колдоно баштаганын, чогулуп тургандар аларга каршылык көрсөтүп жатканын маалымдашкан. Андан бери алар менен байланышуу мүмкүн болбой жатат, деп Азатттык жазып чыкты.
Ага ылайык, учурда Кой-Таш айылы жакта 200дөй милиция кызматкери чогулуп турат. Атамбаевдин жактоочуларынын саны да 400гө чамалайт. Милиция тарапка таш жана бөтөлкөгө куюлган бензин ыргытылууда.
7-августта кечинде УКМК мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармоо боюнча атайын операция жүргүзгөн. Бирок андан майнап чыккан эмес. Акыркы маалыматтар боюнча кагылышуудан 50дөн ашык киши жаракат алып, бир жоокер каза болгон.
Булак: NazarNews.kg