www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 12-июнда Жогорку Кеңеш катуу бир силкинди. Дегенбиз мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин 8-июндагы айткан сөздөрүнө каяша айтып кайраттуу сүйлөдү. Алардын кадамы коомчулукту мыйыгынан бир жылмайтса, төрага Дастан Жумабеков Атамбаевдин айткан сөздөрүнө жакасын кармаганын ачыктады. Кыскасын айтканда, Жогорку Кеңеш акыркы алты жылда бир кайраттанып, Атамбаевге терс карап кашын сермеди. Кечээги Жогорку Кеңештин кадамы кандай болду, мурдагы депутат жана саясатчы Бөдөш Мамырованы кепке тарттык.

-Бөдөш Аманбаевна, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жакында болуп өткөн жыйынына саясатчы катары кандай карайсыз?

-Ооба «Коррупцияга каршы» деген тема коюп экс-президент Алмазбек Атамбаев митинг өткөрүп коррупция жөнүндө жарытылуу жарты ооз соз айта алган жок. Адатынча асылып ойду тоону дагы оттоду. Чимкириктен баштап коркутуп-үркүтүүгө өттү. Алтургай көптөн бери ойлонуп пландап бирок, ишке ашыра албай жүргөн ишке ашыруунун жолун издеп жүргөнүн байкабайбы же атайын айттыбы чоң “сырды” ачыктады.

-Кайсы сырды?

--«Мен С. Жээнбековду мыйзамдуу президент деп тааныбаймын, “кетсин” деп чыгам. Р. Матраимовдо чоң сыр жатат ошондуктан чара көрө албайт бир гана жолу жок кылып коюп гана кутулат»-деп.

-Бул коңгуроо Атамбаев тарабынан эмнеге айтылды? Кандайча? Буга чейин Райымбек Матраимовду коомчулукта Атамбаев тууралуу көп сырды билет деп жүрүшпөдү беле?

-Албетте, коркунуч бар. Мурдагы президенттин мындай коңгуроосу өтө кооптуу. Ал өзүнүн ички туюмундагы сөздү Жээнбековго шылтоологон болуп айтып алды. Атамбаевдин Райым Матраимовго бул айткан сөзү түздөн-түз коркутуу, ошол эле мезгилде Атамбаевдин өзүнүн “генпланын” коомчулукка ачыктап алды. Албетте, анын сөзү менен эч ким коркуп кетпейт же жүрөгү түшуп калбайт. Атамбаевдин чама-чаркын деле коомчулук сезип эле турат, бирок адам тагдыры адам өмүрү акчага бааланып, кызыкчылыктардын кагылышы күчөп турган заманда Атамбаевдин сөзү биз каалайбызбы же каалабайбызбы ойлонто турган маселе! Атамбаев жеке кызыкчылыгы үчүн баарына даяр, андыктан Атамбаевден Райым Матраимов сак болуп, анын каккан коңгуроосун үзө чапканга даяр болушу керек.

-Кечээ, 12-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков жана депутаттар мурдагы президенттин 8-июндагы митингде болгон сөзүнө токтолду...коомчулукта ар кандай пикирлер айтылууда.

-Учурдун талабы же баардык маселени чече турган мезгил келгенби айтор, кечээги жыйында эл өкүлдөрү уйкудан чоочуп ойгонгондой катуу талкууга алды. Менин жеке байкоомдо мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдоочулары аз болгону менен өзү айткандай абдан акчалуу бай адам, абийири төгүлүп айыптары ачылаарын сезип, акчасын чачып болсо дагы, ар кандай кадамдарга баруунун айла амалдарын пландап жатканын ачыктады. Эл өкүлдөрү дагы “чимкирикти” эми түшүнүштүбү же журналистер чөйрөсү түрткү берип намыстанттыбы, “Атамбаевдин кезектеги тантырак оомал-төкмөл сөздөрү да” деп, элес албай көңүл сыртында калтырса деле болмок. Бирок бул ирет эл өкүлдөрү АШАдан ашып, айгай салып ал тургай импичмент жарыялоону да көтөрүп чыкты. Айрыкча убагында Атамбаевдин кабак кашын карап турган ал кишинин батасы менен экинчи жолу Парламентке келүү бактысына ээ болгон кээ бир эл өкүлдөрүнүн активдүүлүгү өкүм сүрдү.

-Балким Атамбаевдин мазактоосуна Жогорку Кеңеш көнүп калды...

-Албетте мазактоонун дагы чеги болот. Атамбаев кантсе дагы мурдагы президент. Оозуна келгенди маскарапоздор дагы айта бербейт. Баарынан таң калычтуусу Атамбаевдин Р. Матраимовго карата карасанатайлык оюу бар экенин, ошол эле маалда баш аламандык уюштурууга дагы ниеттенгенин ачыктады. Парламентти экиге бөлдү «чимкириктер» анан “мурду таза он депутат бар” деп. Атамбаевдин бул кыймыл-аракетине кайдыгер кароого болбой турганын кечээги парламенттин жыйынын туура деп эсептейм. Ал тургай алар мурдагы президентке импичмент жоопкерчилигин кароо маселесин кызуу талкууга алды. Эми жыйынтыгы кандай чечилет күтө туралы.

-Атамбаев камалышы мүмкүнбү?

-Негизи Атамбаев мыйзамдын жазасын болбосо дагы Жараткандын жазасын тартаары жакындап калды. Аны өзү деле сезип жаткандай акыркы айла амалдарын колдонуп, жаралуу аюудай эле айкырык салып жатат. «Чыга турган көз эле, чыгып кетти өзү эле»-дегендей кечээ эл өкүлдөрү дагы үн катып жүрөгүнө кол салды. Эл өкүлдөрүнүн кечээги кыймыл-аракети менен Атамбаевдин мындан аркы тагдыры аныкталчудай болуп турат. Албетте бүгүнкү жагдайга Атамбаев өзү аянтча түздү. Ойду-тоону оттоп атып ооматын өзү оодарып алды. Эми Атамбаевдин тагдыры эл өкүлдөрүнүн колунда калды.

-Демек Жогорку Кеңештен кандай жыйынтык күтсөк болот?

-Мени күмөнсүткөнү эл өкүлдөрү, төрага баш болуп кечээги борбордук трибунадан айтылган ачуу чындыктын аягына чекит койо алабы кеп ошондо. Ошол эле залда “Атамбаевдин атын тарыхта алтын тамга менен калтыралы, Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолуна Атамбаевдин атын бере койолу” деген депутаттар дагы олтурганын унутпашыбыз керек.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости