www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
--Саламатсызбы, учурда Курсан Асановго тергөө иштери башталды. Бул кадам туура элеби?
--Курсан Асановго коюлган күнөөгө мен макул болгум келбей турат. Анткени көп анын ичинде (2010) жылдагы окуяларды көз алдымдан өткөрүп анан ушундай бүтүмгө келдим. Албетте эгерде күнөөсү тиешелүү далилдер менен такталса юридкалык баасын алаар, бирок чү дегенде эле жашыруун сырды ачыктады деп, күнөө койгону бир аз аброй талашуу жана көрөалбастыкка окшоп калды.
-- Курсан Асанов Атамбаев менен сүйлөшүү жолуна барганда Атамбаевден акча алды деген имиштер айтылууда…
--Өлүм менен коштолгон карасанатай Атамбаевдин аракеттеринен элдин эси ооп турганда министр, орун басар эмес катардагы кызматкер дагы ар түркүн айла-амалды колдонуу менен сүйлөшүүнүн жолдоруна барууга даяр эле. Министрдин колу менен ишке ашып абройу көтөрүлсүн деп күтүп олтурууга болбой турган абалда «төргө сиз өтүңүз» деп сыпайылануу Куч структураларына анын ичинде негизги тапшырма аткарып аткан ИИМдин жоболоруна туура келбейт болчу. «Кара эчкиге жан кайгы касапчыга мал кайгы» дегендей коомчулукка элге дагы ок атылып кан төгүлбөй, тынч жол менен бүгүнкү күндүн коркунучтуу адамын алып чыгып кетүү негизги максат болуп жатканда мансап талашып Атамбаевдин акчасына кызыккан кимдин оюуна келмек. Андан дагы Атамбаев ачык эле 3-4 айдан бери күрөшкө даярданып «атышам», деп ачык айтып, анан акчасын, баалуу буюмдарын «кызыл баштыкка» салып Асановдун алдына коюп коймок беле? Андан көрө «министрден алдыга чыгып кетти, ошон үчүн иштен алдым» десе тагыраак болмок. Кечээ мен Куч структураларынын (УКМК, Башкы прокурор, ИИМ) пресс-конференциясын көрүп олтуруп көп нерсе ачыкталып коомчулукка бүдөмүк болгон нерселерден кабардар болуу менен кимдин деңгээли канчалык экени профессионализм башкача айтканда чыныгы кесипкөй деген кандай болоорун түшүндүм. Курсан Асанов өз ишинин кесипкөйү экенин далилдеген катардагы кызматкерден генералга чейинки татаал жолду басып өткөн айрыкча улут аралык Ош окуясында өзгөчө кызмат аткарган. Ошол эле маалда мансап талашпай өз карьерасын түптөп келе жаткан инсан катары байкап калдым эле. Ошондуктан дагы «ИИМдин сырын ачты» дегенге анча ынана албай турам. Кантип сатты?-деп так далили айтылбагандан кийин ар кандай жоромол жаралат экен. Чыныгы кесипкөй адамды кылган кызматынан орундуу оюнан фактыларды келтируу аркылуу өз термини менен түшүндүрүп бергенде баа берип байкалат.
--Кечээ күч органдарынын "лөктөрү" атайын маалымат жыйын өткөрүп, 7-8-август боюнча жарыя кылды, сизди алардын пикири канаатандырдыбы?
--Кечээги пресс-конференциядан УКМКнын өз кесибинин автору экени байкалды, ошол эле убакта кызматкерлерине болгон жооптуу мамилеси айрыкча жоокердин өлүмүнө болгон өкүнүчү эч нерсеге татыбай күйүп турганы сезилгени менен өтө олуттуу, ошол эле учурда сыр каткан түрдө коомчулук күткөн жоопту айтты. Тилекке каршы айтылбай турган көп сыр изилдөөнүн жүрүшүндө ачыкталып күнөөлүүлөр ото оор беренелер менен айыпталаары аз болсо да ачыкталды. Негизи менин баамымда ИИМдин жогорку чеберчиликте иш алып бара албай куда түшүп аткансып улам эле чакыруу менен гана чектелип калганын «принудительно» алып келе албаганын Министр мырза моюнга алуу керек. «Альфаны» колдонууга аргасыз болгону белгилүү болду. Ал дагы кайгылуу аяктады. Кандай жол менен болгондо дагы тынч сүйлөшүү менен Атамбаевди Курсан Асановдун алып чыкканы бул факт! Калганын териштирүү көрсөтөт. Минстрдинби же орун басардын эмгегиби ал экинчи пландагы иш..... ......?
--Рахмат.
Булак: NazarNews.kg