www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку стат - катчысы Данияр Бакчиевге, Кыргызстандан качып кеткен Алина Шаиковага паспорт маселеси боюнча тендер өткөрүү ишинде коррупциялык ишке жол бергендиктери боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынган.

Бирок Бакчиев тез эле үй камагына чыгып кеткен. Мамалекетке миллиондогон зыян алып келүү кылмыш ишине шектүү адам бүгүнкү күндө Кадр кызматында жооптуу кызматта иштеп жатканы ачыкталды.

Белгилей кетсек, аталган кызматтын мурунку төрагасы Акрам Мадумаров Баткенге губернатор болуп кеткенден бери, бул кызматка төрага дайындала элек болчу. Төраганын милдетин стат-катчы Сагынбаев Бакытбек аткарып жаткан. Ал Бакчиевдин жакын досу экени айтылууда. Кылмышка шектүү адам жооптуу кызматта иштей берсе болобу? Өкмөт оозун ачып каякты карап олтурат?!, - дейт "Багыт.kg" гезити.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости