www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тукумсуздук, боюнан түшүп калуу жана өлүү төрөт инсульт коркунучун жогорулатат. Бул тууралуу австралиялык окумуштуулардын изилдөөсүнүн жыйынтыгына таянып Sciene Alert илимий басылмасы жазды.

Мунун негизги себептери: эстрогендин төмөндүгү, сезгенүү, кандын жүгүрүүсүнө тоскоол болгон клеткалардагы көйгөйлөр, психологиялык оорулар, семирүү же тамеки чегүү болушу мүмкүн.

Жыйынтыктар 618 миң аялдын саламаттыгы боюнча маалыматтарды изилдөөгө негизделген. Адистер 32 жаштан 73 жашка чейин аялдардын ден соолугун 11 жыл бою байкоого алган.

"Инсультту алдын алуунун эң жакшы жолу — мүмкүн болушунча сергек жашоо образын сактоо. Тамекини таштап, туура тамактануу керек. Спирт ичимдиктерин дагы ченеп ичүү зарыл", — дешти окумуштуулар.

Медиктер кошумчалагандай, бойдон түшүү жана өлүү төрөт жүрөк-кан тамыр ооруларынан кабар берет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости