www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ашыкча жана жеткиликтүү көмүртек отуну жок, ал эми европалыктар үчүн энергетика тармагындагы өзгөрүүлөр бир топ эле оор болот. Бул туурасында сенатор Алексей Пушков өзүнүн Telegram каналына Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсондун айтканына жооп иретинде пост жазган.
Депутаттын мындай кадамына Жонсондун "Орусиянын көмүртектери үчүн кече бүткөндүгүн сезип турабыз. Бардыгы адаптация болуу ыкмаларын табууга аракет кылып жатат" деген маанайдагы сөзү себеп болгон.
Премьер-министр эми өлкөлөр "кайсы бир жерден" аталган продукцияны табышы керектигин кошумчалаган.
"Эгерде Жонсондун кабары жок болсо, ашыкча жана жеткиликтүү углерод отуну жок. Европадагы көп өлкөлөргө "жаңы энергетиканы" жөнгө салуу бир топ кыйын болот жана көп жылдык кайра курууну талап кылат", — деген Пушков.
Анын айтымына караганда, Катар да, Алжир да Орусия газынан улам болгон тартыштыкты толтура албайт.
"Орусиянын көгүлтүр отунан баш тартуу канчалык түйшүк жаратары түшүнүктүү болуп калды. Венгрия жөн жерден бул жол менен кетүүдөн таш тарткан жок", — деген ал.
Эске салсак, Орусия 1-апрелден тарта касташкан өлкөлөрдөн саткан газынын акысын рубль менен кабыл алып баштаган, бул доллар, евро менен эсептешүүдөн кетүү максатында жасалган. Президент Владимир Путин россиялык валюта менен эсеп-кысап жүргүзүүдөн баш тартууну Москва келишиминдеги милдеттерди аткарбагандык деп тааный тургандыгын тактаган.
Булак: NazarNews.kg