www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ок атышуу Норвегиянын борбору Ослодогу бири-бирине жакын жайгашкан үч түнкү клубда болду. Ишембиге караган түнү болжол менен түнкү саат бирде Ослодогу "Лондон-паб" клубунда башталган.
Жергиликтүү телеканалга интервью берген күбөнүн айтымында, ок атышуу клубдун ичинде башталган.
“Атышуу башталганда мен "Лондон-пабдын" сыртында элем. Атышуу башталары менен мага айнектин сыныгы келип тийди. Атышуу токтобой жаткандыктан мен клубдун ичине кирип, болушунча көбүрөөк кишини сыртка чыгарууга үлгүрдүм”, – деп сүрөттөдү күбө.
Атышуудан 21 киши жаракат алып, экөө набыт болгон. Шектүү ошол эле түнү клубдан алыс эмес жерден кармалган. Ал 42 жаштагы иран тектүү Норвегиянын жараны экени аныкталган. Полиция шектүү буга чейин да полиция тарабынан баңгизат жана курал сактоо үчүн кармалганын билдирди. Полициянын өкүлү бул кылмыш жек көрүүнүн негизинде ишке ашырылганын божомолдоп, шектүүгө “киши өлтүрүү”, “кишиге кол салуу” жана “терракт уюштуруу” беренелери тагылганын айтты.
Ишембиде Ослодо жылдык гей-парад өтмөк, бирок полициянын сунушу менен иш-чара өткөрүлбөй калган.
Булак: NazarNews.kg