www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мен ошол айылга арадан дээрлик отуз эки жыл өткөндөн кийин бардым. Бул жакка экинчи келбейм го деп ойлочу элем, туз насип буйруп кайра дагы бир жолу барууга туура келди, иштер чыгып калып бардым. Ушунча жыл аралыгында айыл бир топ эле өзгөрүлүптүр. Жүрөккө жакын, бардыгы тааныш көзгө жылуу учурайт. Ал жакта мен алты-жети жылдай мугалим болуп иштеп жүрүп кеткем.
Айылдын четиндеги чоң каналдан өтүп баратканда кокусунан көпүрөгө көзүм түшүп бир ичиркенип алдым. Заңгыратып укмуштуудай кылып жапжаңы көпүрө салдырышыптыр. Мурун бул жерден эски жыгач көпүрөдөн бир машине гана араң өтө турган болсо, азыр эки-үч машине катары менен өтсө болот экен. Ооба, көпүрө мурун жыгач болчу, азыр болсо эки жээги кооздолуп темир менен ширетилип, таманына асфальт төшөлүптүр. Эски кепүрөнүн орду түп орду менен жок. Көпүрөнүн сырткы көрүнүшүнө толугу менен бир сыйра көз жүгүртүп өттүм. Анан ошол илгери тээ жаш кездеги окуя зсиме түшүп кетти.
Анда жаш кыз курагым болчу. Калаадан жогорку окуу жайын бүткөндө ушул айылга мугалим болуп иштеткени жолдомо берип жөнөтүп жиберип жатышпайбы. Жогорку окуу жайын бүткөн көпчүлүк студенттер алыскы тоолуу аймактарга баргандан моюн толгоп качышып, бардыгы эле өздөрүнүн райондоруна, колдон келсе өздөрүнүн аймактарына иштегилери келишип, суранып жатышып жолдомо алып иштегени кетишкен. А мен болсо жогорку окуу жайындагылар каякка жөнөтүшсө унчукпай ошол жакка иштегени макул болуп кете бергенимди карабайсыңбы. Анын үстүнө жаш кыз болсо, өмүрү көрбөгөн, укпаган алыскы тоолуу аймакка иштегени жөнөп кеткенимди карабайсыңбы. Бардыгы жөпжөнөкөй карапайым эл. Кийингендери да жупуну. Жоош момун калк болчу. Дайыма бири-бири менен сүйлөшкөндө жылмайып карап сүйлөшөт.
Мен чет тилден - англис тилинен сабак бергени баргам, мурун ал жерде чет тилден бир дагы мугалим болбоптур, менин барып англис тилинде сабак бергеним бардык эле окуучулар үчүн өөн учурады. Мен колдон келишинче айылдык окуучуларга төртүнчү класстан баштап анлисче окуганды үйрөтө баштадым. Мага жашаганга үй да таап беришти. Бир айылда чоң канал бар эле, анда шаркыраган суу агып турчу. Ошол айылды бириктирген узунунан кеткен жыгач көпүрө боло турган эле. Мага ошол көпүрөнүн ары жагындагы бир жалгыз бой жашаган аялдын үйүнөн таап беришти орун. Өзүмчө жашаганга бөлмө кылып беришти. Көп сүйлөбөгөн жоош кемпир эле. Өзүнчө беш маал намазын окуп, тынбай эле өз тирлигин жасап жүрчү. Экөөбүз бат эле тил табышып кеттик, бир баласы бар экен. Ал Ыраакы Чыгышта Хабаровск шаарында пароходдук кесипте иштеп, бул жакка бир жылда бир жолу отпуск алганда келип турчу үй-бүлөсү менен.
Үйдөн сабакка мектепке барганда ошол көпүрө аркылуу өтчүмүн. Сабак сегизде башталчу, бизге эрте барууга туура келет. Жетиде туруп мектепти көздөй жөнөгөндө айланага жаңыдан гана жарык кирип келаткан болот. Бир жолу кичине кечирээк туруп калып тамак да ичпей шаша-буша кийинип алып мектеп-ти көздөй жөнөгөм. Айланада эч ким жок, алиги эски көпүрөнүн жанына жакындаганда салкын жел бетке уруп ичиркентип жиберди. Көпүрөгө улам жакындаганда анын алдынан бир караан чыкканын байкадым. Адегенде айылдын адамдарынын бири болуш керек деп ойлоп эч маани бербестен мектепти көздөй жөнөй бердим. Ал караан артымдан илээшип ээрчип алды. Тээ бир топко чейин узатып келди. Анан өзүнөн өзү эле көздөн кайым болуп кетти.
Адегенде ага деле анча маани берген эмесмин. арадан эки күн өткөндөн кийин дал эле ошондой көрүнүш дагы кайталанып жатпайбы. Ойдо жок жерден эле көпүренүн алдынан өткөн жолку караан чыга калып мени дагы артымдан узатып ээрчип албадыбы. Бул жолкусунда мектепке чейин узатып келип, анан жок болуп кетти. Ошондон баштап көрүнүш дайыма кайталанчу болду, мен адегенде анча маани берчү эмес элем, ал айылдык киши эмес эле кандайдыр бир элес, караан экенин билгенде андан коркуп чочулай баштадым. Мектепке башка жагы менен кетейин десең жол жок, кааласаң да, каалабасаң да дал эле ошол көпүрө аркылуу өтүүгө туура келет. Кээде мен биринчи сабагым эрте болуп калган учурда караңгыда өтүүгө туура келет ошол көпурө менен. Баягыдай эле көрүнүш, көпүрөнүн алдынан алиги караан чыгып артымдан ээрчип алат. Коркуп калтырап-титиреп андан оолак болууга аракет кылам. Мен канчалык андан алыстоого аракет жасасам, ал дагы ылдамдыгын күчөтүп менден куйрук улаш ээрчип келет мектепке чейин, анан жок болуп кетет.
Мындай көрүнүш тууралуу мектептегилердин бирине да айткан эмесмин. Сыягы, алар деле көпүрөнүн ээси бар экенин билишет окшойт, бирок мени коркпосун дегенсип ал жөнүндө дегеле сөз кылышчу эмес. Менин чочулаганым, алиги сөлөкөт эч кимдин жоктугунан пайдаланып көпүрөнүн алдына сүйрөп кетип сууга чөктүрүп жибереби деп чочулачумун. Анткени ошол көпүрөдөн караңгыда өзүм жападан жалгьгз өтөм. Жардамга келген зч ким жок болот, суу да ушунчалык катуу агат.
Бир күнү кечки чай ичип отурганда, үйдөгү кемпирге айттым бул тууралуу. Ал эч нерсе болбогондой чайын жай ууртап ичип: "Коркпой эле кой, кызым, ал көпүрөнүн ээси бар, эч кимге зыяны деле жок. Ошентип караңгыда жалгыз-жарым адам кетип баратканда көздөрүнө көрүнө берет" деп жатпайбы. Анан ал кандайдыр бир дубаны жазып берди "ушул дубаны жаттап ал да көпүрөнүн жанынан өтүп баратканда окусаң ал чыкпайт".
Чын эле ал айткандай эле, көпүрөнүн жанына жакындай баштаганда дубаны окуй баштадым. Ал көрүнген жок, "өх" деп өтүп кеттим. Кийинки жолкуларда да дуба окуп тынч өтүп кетип жаттым. Бир жолу шашып жатып дуба окуганды эсимден чыгарып жибериптирмин. Ал караан көпүрөнүн алдынан атып чыгып менин жолумду торободубу. Жакшылап кунт коюп карасам, кадимкидей эле кара сөлөкөт, эч бир келбетин байкай алган жокмун. Дуба окуурум менен дароо көздөн кайым болуп кетти.
Кийинчерээк турмушка чыгып өзүмдүн туулуп өскөн районума кеттим. Ошол боюнча бул жакка дегеле келе элек болчумун. Бул заңгыраган жаңы көпүрөнү көргөндө ошол окуя эсиме түшүп кетип жатпайбы.
Ошол эски көпүрөнүн ээси азыр да барбы-жокпу билбейм, же эски көпүрөнү жок кылганда ошону менен бирге кеттиби? Ал жөнүндө эч кимден кызыгып сураганым деле жок, балким, дале да болсо бардыр, ким билет?
Автор: Нурийла С., Чаткал району
Булак: NazarNews.kg