www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сыртта кар жаап жатат. Бак-дарактар, тамдын чатырлары баары аппак карга чүмкөнгөн. Бул жашоонун, менин тагдырымдын катаалдыгы дене бойду титиреткен дал ушул кышты элестеткенсийт.
Сүйүү деген кыйын, сокур экен. Көр тура.
Отуз жашка чейин эч кимди сүйө албадым. Көкүрөгүм боштукта бул дүйнөнүн ушунчалык татуулугун, ырахатуулугун сезбей кырчындай жаш күндөрүм өтүп жатты... Отуздан өткөндө капысынан ажырашкан адамды жолуктуруп, сүйүп калдым. Бул күндөрүм жашоодогу эң бактылуу күндөр эле. Ал адамдардын асылы эле. Ар бир сөзү, турган турпаты баары суктандырды. Дээрлик тулку боюм, жандүйнөм менен аны ого бетер сүйүп калдым. Өзүмчө бакыттын дайрасын кечип жүрдүм. Анын ажырашканына он жыл болуптур. Өзүм болсо турмушка такыр чыккан эмесмин. Бир күнү баш кошууну сунуштап калды. Аны жанымдай көргөн жаным дароо макул болдум. “Менин эркем болосуң. Колума көтөрүп бөпөлөп жашайм. Экөөбүз аябай бактылуу болобуз” деген. Элестеттим. Кубанычымда чек жок. Ошентип, баш коштук...
Балээнин баары кийин башталды. Экөөбүзгө жолтоо болгондор көбөйдү. Мындан он жыл мурун ажырашкан аялы баш болуп, бизге тынч жашоо бергиси келбеди... Мурунку аялы, он жыл ичинде жүргөн кыздары күйөөмдү талаша баштады. Бирөөсү үйгө чейин келди. “Сен кимсиң? Нурдан мага үйлөнгөнү жаткан. Экөөбүз чогуу жашаганбыз” деп, чыр салып сабап кете жаздаганга чейин барды. Бир сулуусу болсо арзуу каттарын жаза баштады. “Баягы сиз менен бирге жүргөн күндөрдү сагындым. Кантип унутам? Сизди эч кимге бергим келбейт. Сизди өмүр бою күтөм. Ажырашыңыз. Ал сизди мендей сүйө албайт” деп жазылыптыр каттарында. “Сүйүүңдү сыйлайм. Бирок, күйөөмдү бөлүшө албайм” деп жооп узаттым. Ага да болбой, үстөкө-босток СМС каттарын жаадырды. Дагы бир селки арзуу ырларын жазып, үйдүн эшигине илип кетчү болду. “Сүйүүнүн азабынан акын болуп кеткем” деди. Ал дагы ачыкка чыгып, үйгө келе баштады. Ал келген сайын үйдө чыр-чатак башталат. Эмне кылышты билбей калдым. “Ушундай күндөргө туш болом” деп үч уктасам түшүмө кирбептир. Күйөөмдү кызгана берип, жандүйнөм жанчылып, боюмдан да түштү. Анан эле катуу ооруп калдым. Алсырап, кара тер кетип канча күн төшөктө жаттым. Күйөөм да ооруду. Экөөбүз тең өлүп кала жаздадык. Көрсө үчөө тең дубалаптыр. “Дубалады” дегенге ишенчү эмес элек. Ишенүүгө туура келди. Жандырдык...
Анан жакшы жашап жатсак, жашообузга кайрадан жаман адамдар пайда болду. Көрсө, алар күйөөмдүн бөтөлкөлөш достору экен. Аттиң, алар менен кете берип, акыры аракка алдырып баратты. Канчалык алардан ажыратууга аракеттенгеним текке кетип жатты. Кол көтөрө баштады. Үйгө ээрчитип келе баштады. Алары төргө отуруп алышып, мага акыл үйрөткөнүчү? “Кечээ келе калып, бизди башкаргандай сен кимсиң? Досубузду биз билебиз. Күнүгө арак ичип турушу керек. А сен куюп турушуң керек” деп башкарууга өтүштү. Коломтобуздагы отко суу куюшту. Жалгыз калдым. Баары каптап кетишти. Алар жеңди, мен жеңилдим. Ушунчалык күйөөмө жиним келди. Бир жагынан жаным ачыды. Боорум ооруду. Кандай жакшы, асыл адам. Бул тирүүлүктө мен сүйгөн жалгызым. Бирок, бирок...
Көрсө, мурда эле иччү экен. Ичкенинин азабынан аялы менен ажырашыптыр. Аны азыр билип отурам. Акыры коломтобуз өчтү. Мен кетүүгө аргасыз болдум. Көп өтпөй артымдан айылыма чейин барышып, жалдырап атып алып келишти. “Койдум. Баарын кетирдим. Сени тандадым. Сенсиз жашай албайм. Ак барактан баштайлы” деп ыйласа, боорукер, ишенчек жаным кайтып келдим. Бир ай өтпөй кайра эле баягы башталды. Андан да жаман болду күйөөм. Кайра эле ичкени ичкен. Урушаарга бир шылтоо таап, идиштерди сындырып, кийимдерди сыртка ыргыта баштады. Челкилдетип мени сабаган күндөрү да болду. Көзү-башым көгөрүп жүргөндө энем келип калды. Ачуусу менен алып кетти. “Эмчегим сыздап кеткенден улам келдим эле. Телефонду албай койдуң. Дайының чыкпай кетти эле. Тандаган тазга жолугат болуп, толгондон тазды тандап алдың, кантейин. Тигиге, буга чыкпайт белең?” деп колумду сураган балдардын атын атап, бышактап ыйлады. “Аттиң турмуш, сүйүү ай, апамды ыйлатып койдум” деп ичимден сыздым.
Ошентип балканактай уул төрөдүм. Бирок, күйөөмдөн дайын жок. Кайын энеме сүйүнчүлөшсө, “ырас болуптур” деп коюптур. Аябай таңгалдым, менден кемчилик кеткен жок эле, тагдырым ушул экен аттиң. Сүйүү деген сокур тура. Сүйүүнүн айынан ушул күндөрдү баштан кечирдим. Мен сүйгөн адам кайдасың? Сага ушул күнгө чейин акылым жете бербейт. Канчалык сенден кордук көргөн күндөрүм көп болсо да, азыр сени күтүп, күн өткөрүп жатам. Каалга кылдыраса же телефон шыңгыраса, сен чалгандай же келе калгандай бүткөн боюм “дирт” дей түшөт. Дагы деле болсо, күтөм, ишенем, оңолуп, жаркылдап уулум экөөбүзгө кайрылып келерсиң... Чоң үмүтүм, тилегим бар.
Кымбат Бектур кызы