www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Анда совет доору сайран курган өткөн кылымдын жетимишинчи жылдары эле. Дүркүрөп өскөн, туштарабы тегиз өнүккөн Балыкчы шаары да кулачын жая кеңейип бараткан. Көп улуттуу. Айрыкча өзбектер тамак-аш даярдашып, соодасы жүрүп, ташы өйдө кулаган чак. Мындагылардын тез байышына имиш-имиштерге таянсак, алар кумар ойношуп, уткандарынын «касиети» дешет. Чынында жапырт өзбек туугандар байыгандай сезилди, ич тардык кылганыбыз жок. Бир күнү кечээ эле зыңгырап жүргөн Мусажан шүмтүрөп көчөдө калыптыр. Үйүнөн, бала-бакырасынан, катынынан куулуптур. Мындай абалга келгидей ал ичкич эмес, жалкоо да эмес.
Анан кайсы шайтан үй-жайынан тирүүлөй ажыратты? Кызыгып көрсөк, мындай болуптур. Мусажан кумар ойноп, алгач баарын утат. Кызый-кызый азгырманын торуна түшөт. Бирде утуп, бирде утулуп отуруп, акыры мактоолорго эсирип, үйүн саят, аны утгурат. Көзү алачакмактап, эми утам деп, аялын, балдарын бүт баарын уттуруп, кур жалак жайынан куулат. Муну досу Иминжан ийне-жибине чейин айтып берди. Кумар оюнунун касиети ушундай экенине ичтен сызып, табалай албай, а шорлуу ушуну көрмөк белең дедик... Бир жолу Тоң району боюнча соода тармактарынын иши менен таанышып жүргөн элек.
Ак-Сайга барганыбызда бир топ адамдар тыйындарын ортого коюп 21 кумарын ойноп жаткандарга туш келдик. Денем дүркүрөй түштү. Тиги оюнчуларды жаман жоруктан оолактаткылачы? - деп ошол жерлик аксакалга кайрылдык. Аксакал балдардын картасын алып, оюнду токтотту. Ошондо Балыкчыдагы Мусажан жөнүндө айтып бердим.
- Аныңардын шору каткан тура. Бизде да ошондой жорук болгон. Эгер Сайра болбосо Абыл да тигинин кейпин киймек, - деди алиги аксакал. - Кумар азыткы шайтандын оюну. Балдарга жол бербейли, -деп сөзүн улады.
- Абылыңар ким? Ал эмне болду эле? - деп суроо узаттык.
- Жакшы эле жигит. Даярдоо конторасында даярдоочу болуп иштөөчү. Эмгек отпускасын алып кайын журтуна барып, карта ойной коем деп бардыгынан, үйүнөн, машинасынан ажырайт. Он күндө машинамды алып келип берем деп келиптир. Аялы Сайра шумдук кумарчы экен, бардыгын ордуна келтирди.
- Кантип? - дедик жабыла.
- Сайра тиги чоң дүкөндө иштейт. Өзүнөн сурасак айтып берет, өз оозунан укканыбыз оң эмеспи. Биздин кызыкканыбызга "анын эмнесин сурайсыңар" дегенчилик кылып кыйылды да:
- Жазып жиберсеңер бизди түп ордубуз менен жок кылат. Мени кыстабагыла, - деди. Биз жазбайбыз, жакшы түшүнөбүз деп убада берип, айттырып алдык.
- Сөз башынан болсун. Абыл отпусканы менден мурда алды. Сен чыкканча эмнегедир барып учурашып келейин деп менин төркүнүмө - Токмокко жөнөп кетти. Эки-үч күнде келип калам деген. Келбеди. Байкелерим сый-урмат көрсөтүп жатса керек деп, ток пейилде элем. Жумуштан чарчап келип, эрте жаткам. Жаздыкка башым тиери менен уктап кетипмин. Атам момун. Молдо чалыштыгы бар, көп сүрөөлөрдү билүүчү. Мен энемдин курсагында экенимде жалган жалаа менен кириптер болуп, түрмөгө отурат. Анда кытай киши чогуу отурат. Атамдын төлгө тарта коймою бар эле. Кытайга "сен да, мен да аман-эсен бошойбуз" дейт, төлгө тартып. Акыры экөө тең бошоп чыгышат. Кытай караколдук экен. Экөө Токмокко келишет.
Ошентип, Кытай атаман өтүнүп, "ирденип алайын, бир азга турууга уруксат бер" дейт. Макул болот. Бир күнү түнү бою жок болуп, эртең менен келет, Ызалуу түрү бар. Көрсө, кумар оюнга барып, бардыгын утуптур. Оюнга катышкандардын арасында аксакал карыя бар экен. Кытайды өлтүрбөгүлө, тиги Момун акебиз билсе уят, баарыбыз соо болбойбуз деп тыйыптыр. Бирок, уткандарын тоноп алышыптыр. Алар башка жактан келгендер экен. Кытай атама кандай жаңы карта болсо да аны кармоо менен кайсы карта экенин билүү ыкмасыи үйрөтөт. Ошентип атам картаны шумдуктай үйрөнөт. Бир жолу карта ойногондорго ээрчитип барды, ийнине жөлөнүп кызыга карап отурдум. Бул адатка айланды. Үйгө келсем, кытай үйрөтөт, жакшы өздөштүрүп алдым. Атам анымды билчү, бирок, ойнотчу эмес.
Атам түшүмө кирди. Ак узун чепкенин кийип алган. "Сукеш, (мени ушинтип чакырчу) сенин күйөөң бардыгын уттурду. Эми сени саюуга ниети бузулду. Намысыңа кел. Үйдөгү менин топумду сол колтугуңа катып ал. Тартынбай ойногун, алгач уттуруп тигилердин бүйрөсүн кызыт. Таштаган картанын бетин ачпа, колуңдун манжалары менен билип, ойлонуп бүтүмгө кел. Мен карап турам" деп акырын басып кетти.
Абылдан бардыгын уктум. Үйүн, машинасын, бардык акчасын утгуруптур. Башын көтөрбөй, үшкүрүп өлүмдү гана ойлойт.- Тур, башыңды көтөр. Оокат кара жерге кирсин экөөбүз аман болсок табылат бардыгы, - деп чыйралтгым. Машинасын айдатып, Ак-Өлөң айылынан Бөкөнбаев айылына чейинки дүкөндөрдү кыдырып, тил кат берип, акчаларын алдым. Бардыгы 75000 сом болду. Олбурлуу үч-төрт жигитти алып, Токмокко барып, төркүнүмө кайрылбай, түз эле кумарчылардын уюгуна бардык. Мурда Абылга үйрөткөм, "акча топтоп келдим, ойнойлу", - деп айткын. Барганда эле эт-бетинен кетишти. Оюн башталды. Ар ким өздөрүнчө дасторкон жайып, ичип-жеп отурушат. Мен атамдын арбагына жалынып, колтугумдагы топуну оңдоп коем.
Билгизбей жыттап-жыттап алдым. Оң кулагыма биреө шыбырагандай "өтө сак бол", "тигилерди тике караба, таанып коюшу мүмкүн" дегендей угулду. Оюн кызьш берди. Атам отурчу жерде бир сакалы жайкалган карыя отурат. Жүзүмдү жерден албайм. Бирде утуп, бирде уттуруп отурдум. "Эми чоң суммага чап" дегендей уктум. Өзүм да ошону ойлоп тургам. 50000 дедим. Акчалар ташталды. Аны утуп алдым, капчыктары сооло түштү. Баарын уттум. Кезек биздин үй менен машинага келди. Аны утуп алган орто жашабыраак өзбек киши экен. Экөөнү бирдей уттум. Жигиттериме бардыгын жыйнап алгыла, мөрөй биздики дедим. Беркилердин түрү бузулуптур, чочуй түштүм. Ичимден акчаларын берсемби деп ойлодум.
- Бардыгыңар тынчтангыла. Бу кыз өзүбүздүн кызыбыз экен. Момун аксакалдын кызы тура. Эч кимиң жаманчылык ойлобогула, деди тиги атамдын ордунда отурган карыя. Тике карасам Сейит абам экен. Туруп учураштым да, кетүүгө уруксат беришин өтүндүм. -Балдар, тийбегиле, Момун акемдин арбагы урат. Мен өзүм кошо чыгайын, - деп басты биз менен. Мен оролгон жоолуктан уучтап акча альш чыгып, Сейит абамдын койнуна солодум. Ошентип биз олжолуу кайттык.
Күйөөм ошондон кийин карта кармаганын койгон, - деп сөзүн бүтүрдү. Сайранын сөзүн угуп, аны сынамакка жаңы картаны ачып, кайсы карта экенин, "балта, карга, найза, туз, тогуз, он..." деп колу менен кармалап айта берди. "Колунда көзү барбы" деп, табышмактуу сырга таңданып кала бердик...
Булак: И.Жунушев, СЫРДУУ ДҮЙНӨ