www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте жаш кезинен бери күн кечирип келген  мурдагы күйөөсү Даниярга  атайын эрегишип, маршруткадан күтүүсүздөн таанышкан бирөө менен жарандык никеде жашап алганына аябай өкүнүп жүргөн эле.

Анткени кийинки эр сөрөйү өзүнө кол көтөргөнү аз келгенсип, эки баласын да жанга баткан жагымсыз сөздөр менен тилдечү. Башында жакшы адамдай көрүнүп, анан арадан бир ай өткөндөн кийин баарын башкарып, өз билгенин жасай баштаган. Асектен кантип кутулуунун айласын таппаган Жазира тажаганда энеси менен да кеңешип көрдү. Энеси акыл-насаатын айтмак тургай ого бетер тескери сүйлөп башын оорутту. Ошондо жакшылыктан үмүтүн үзө баштаган бечара келин мурдагы күйөөсүнөн кабар алганга мажбур болду…

***

Колуктусунун жеңил ойлуулукка алдырып башка эркек менен жашап алганына ызаланган Данияр бир күнү досу менен мектепте чогуу иштеген Гулнур телефон чалып, аны үйүнө атайын конокко чакырды. Экөө таанышканына аз убакыт болсо да бири-бирин жакшы түшүнүп калышкан эле. Ошон үчүн Даниярдын шагын сындыргысы келбеген Гулнур дароо эле макул болуп, айтылган дарек боюнча үйдү өзү таап келди. Кубанычы койнуна батпаган Данияр кучагын жайып:

-Мен сени өзүм ээрчитип келсем жакшы болмок. Эми шарт ушундай болуп калды -, деп актангандай түр көрсөттү.

-Эч нерсе эмес. Азыркы заманда мырзаларды айымдар өздөрү издеп келет окшойт -,деди Гулнур шыңкылдап күлүп.

Колунан келишинче дасторкон даярдаган Данияр жакын арада эле тапкан сүйүктүүсүн жаналекетке түшүп сыйлап жатты. Ушул кечте экөөнүн мындан кийинки келечеги тууралуу так маалымат билгиси келген татынакай келин Даниярга ыңгайсыз суроо берип:

-Чыныңды айтчы. Аялыңдан биротоло кол үздүңбү? - деди дагы эле ишене албай жатканын билдирип.

-Мен андай аял менен эки дүйнөдө да жашабайм. Эми өткөн ишке эч өкүнбөйм. Капаска камалган кушка окшобой өзүмдү эркин сезип, бирөөгө көз каранды болбой жашагым келет -, деп чечкиндүү сүйлөгөн Данияр ордунан туруп сыртка чылым чеккени жөнөдү. Гулнур болсо кечке чейин мектепте жүрүп чарчагандыктан бир аз уктап алгысы келип төркү бөлмөгө кирди.

Булак: Нурислам Кабакбеков, NazarNews.kg

Последние новости