www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Ленин райондук шайлоо округунан болгон шайлоо, Дамира Ниязалиеванын добуш сатып алганы далилденсе жокко чыкканы турат. 

Шайлоонун таза өтпөгөнүнө шек жараткан мындай чырлуу жагдай, шайлоого катышып, добуш алалбай калгандарга майдай жакты. Өзгөчө Эртай Искаков сыяктуу динчил талапкерлерге табылгыс шылтоо болду. 

Дароо эле оозун толтуруп: "Кайсы кандидаттын айынан шайлоо жокко чыгарылса, башка күнөөсү жок бардык кандидаттардын коротулган чыгымдарын төлөп берсин", - деп обон созо баштады. 

Албетте, айтканы жүйөлүү болгон менен оюнун, ниетинин баары акча, мансап экенин билгизиптир. 

Эртай Искаковдун логикасы боюнча, баарынан эң аз, араң 379 добуш алган динчил Турсунбай Бакир уулу сыяктууларга шайлоодо эл колдобой койгону үчүн акча төлөп бериш керек тура?.. Тапкан экенсиңер, акча жасаштын жолун! 

Кыргызды Теңирчи жана мусулман деп бөлгөн Турсунбай Бакир уулунун кадыры канчалык экенин көрдүк. Эл баарына тараза. Тез эле ордуна коюп коёт. 

Андыктан, болду эми эс алгыла. Көрдүк, деңгээлиңер менен аброюңарды... Алган добушаңарды карап уялгыла!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости