www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Самат Исабеков жетектеген Бажыда кызматкерлер курт –кумурска болуп жыбырап, кыбырап, жайнап кетти. «Өлө албай жатып өлөң айтат» деп коюшчу. Самат Исабеков башкарган Бажы кызматы сөйкөнүп барып казак оппозиционери Мухтар Аблязовго тийише калат. Аблязовго азыркы күндөрү УКМК деле унчукпайт, эмне кереги бар, дайыны жок кишилерге тийише берип. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев өзүнө караштуу делген "Region" телеканалына берген маегинде коррупцияга каршы күрөштүн экинчи этабы башталарын айтып, мындан ары коррупционерлердин мал-мүлкү конфискацияланып, өздөрү абакта болоорун белгиленген.

УКМКнын төрагасы өз сөзүндө мурдагыдай "кусуп" берип чыгарып жиберген көрүнүш болбой турганын, эң катуу жаза жоопкерчилиги караларын эскертип, "мен коррупцияны жеңем, же алар мени жеңет, башка жол жок" деп жар салган эле.

Бирок, ошол өз сөзүнө карама-каршы жагдайда бир окуя боюнча сүйлөгөн сөзүнө коомчулук түшүнбөй калды. Башкача айтканда Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин коррупцияга шектелип камалган кайниси тууралуу окуяга токтолуп, ал мамлекетке келтирилген зыян эки эсе төлөнгөн учурда алар абактан чыгарыларын айтканы, тандалма саясаттан кабар берген иттин өлүгү жыттанды.

Себеп дегенде, "мындан ары биринчи этапдагыдай коррупциялык кылмыш ишин жасагандар камактан чыкпайт, үй-мүлкү конфискацияланат" деп айтып, анан кайра "зыяндын ордун толтурса абактан чыгарганга милдеттүүбүз" деген сөзү эки ача чыгып, эл уккан кулактарына ишенбей турушат.

Мына Ташиев өз сөзүндө: «Башкы прокурордун кайниси Бажы кызматында иштейт экен. Ошол жерде иштеген төрт бажычы, төрт жөнөкөй инспектор жана эки коммерсант чогулуп алып коррупциялык схема түзүшкөн. Булар Кытайдан товарлар келгенде аны Ошко алып барып кампадан түшүрүп, Өзбекстанга чыгып кетти деп бажынын мөөрүн басып, бирок бош машина өтүп турган. Бул жерде акциздери, бажы төлөмдөрү төлөнбөй калды. Кыргызстан ар бир машинеден 50 миң доллардын тегерегиндеги зыян тартып атабыз. Мына ушундай 19 автоунааны кармадык. Алардын күнөөлөрүн тактап келгенде башкы прокурордун да кайниси арасынан чыгып калды. Бардыгы башында «Башкы прокурордун бир тууган кайниси болсо, аны жоопко тартпаса же камалбаса керек» деп ойлошкон. Анча-мынча прокуратуранын кызматкерлери да кошоматчылык кылайын дедиби же башка болдубу, айтор «камабагыла» дегендер да болду. Бирок биз ага карабастан ал адамды камадык. Бүгүнкү күндө абакта. Азыр алардын мамлекетке келтирген зыяндары толук такталып бүттү. Эгерде алар зыянды эки эсе төлөй турган болсо, ал адамдарды биз чыгарганга милдеттүбүз. Мыйзамда ушундай бир беренебиз бар. Ошонун негизинде азыр каралып атат. Бирок алар азырынча бир да сом акча төгө элек. Жакында ошол боюнча комиссия өткөрүп, жумушту бүтүрөбүз», - деп айтканы эмнени билдирет?

Ошондо, зыянды төлөп чыгуу бир гана Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кайниси катышкан кылмыш ишине гана иштейби? Өзү айткан "абактан чыкпайт, үй-мүлкү конфискация болот" дегендер башкабы? Буга Башкы прокурордун кайнисинин тиешеси жокпу? Ал өзгөчөбү? Ыйыкпы? Же анын кылмыш иши биринчи этап менен жабылыш керек беле? Суроолор көп, жооп жок.

Эске салсак: 18-мартта алты бажы кызматкери жана үч ишкер Кытайдан аткез жол менен товар ташууга шектелип кармалганын УКМК маалымадаган. Шектүүлөр Кытайдан аткез жүк ташуу боюнча көптөн бери эле схема түзүп алышканын айтып, анын кесепетинен мамлекет 1 миллиард сомго чукул зыян тартканы айтылган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg  

    

 

Последние новости