www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Уурулукка шектелип кармалган Темиров Live редакциясынын акыны Болот Назаровго адвокат киргизилбей жатат. Бул тууралуу журналист Болот Темиров Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кабарлады.
«Болот Назаров жубайына тойго кетээрин, ал жерде ага «ат мингизерин», андан ары айтышка кетерин айткан. Бүгүн жылкы уурдап кетти деген маалымат келип жатат. Пресс-релизде ал бүгүн кармалганы айтылган, бул чындыкка дал келбейт. Ал кечээ кармалган жана ага жактоочусун киргизбей коюшкан. Болот Назаровду 3 күндөн бери эч ким көрө элек, тергөө камак жайындабы же каякта экенин биз азырынча билбейбиз. Аны биз дүйшөмбү күнү эле издеп баштаганбыз», — деп жазат Темиров.
Ал төкмө акынды көргөндөр жана жогоруда сөз болуп жаткан тойго катышкан жарандардан кабар берип коюуну суранып кеткен.
Эске салсак, бүгүн ИИМ акын Болот Назаров Москва районунда кармалганын кабарлап, анын үстүнөн Беловодское айылынын тургуну арыз жазган. Анын айтымында, Назаров сүрөткө түшөм деген шылтоо менен жашы жете элек уулунан жылкыны сурап, андан соң качып кеткен.
Аталган факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (каракчылык) негизинде кылмыштын негизинде ЭҮП каттоого алынып, кылмыш иши козголгон. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Уурдалган аргымак табылып, буюм далил катары алынган.
Булак: NazarNews.kg