www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биринчи президент – Елбасы жөнүндөгү мыйзам 2022-жылдын аягына чейин токтотулат. Бул тууралуу казак басылмалары жазды.

"Учурда профилдик комитетте иш жүрүп жатат. Жыл аягына чейин "Биринчи президент - Элбасы жөнүндө" мыйзамдын юридикалык күчүн жоготуу маселеси парламенттин жалпы жыйынында добуш берүүгө коюлат», - деди парламент депутаты Ерлан Саиров.

Буга чейин юстиция министри Канат Мусин бул мыйзамды референдумдан кийин токтото туруу чечими кабыл алынганын түшүндүргөн.
"Конституциядан биринчи президент жөнүндө өзүнчө мыйзам болушу керек деген жобо алынып салынгандыктан, бул мыйзамды ошого жараша алып салуу керек. Бул Конституцияда кабыл алынган өзгөртүүлөргө ылайык айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорунун алкагында болот”, - деди министр.

Анын айтымында, Кылмыш-жаза кодексинде президенттин ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирүү жоопкерчиликти караган жалпы берене гана болот - жалпы бардык президенттер үчүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости