www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Болот Токтобаев: «Талант-Жараткандан берген шыбага…»

Ой да созгон үнүңдөн

Мукамдуу обондорунун көп түстүүлүгү, көркөмдүүлүгү менен өзгөлөрдөн өзгөчөлөнгөн талант бар. Оболу обон чыгарардан мурун сөзүнө маани берген обончулар сейрек  гана. Болот мырза мына ошол сейректердин бири. Салмактуу обондору калың калктын купулуна толгон мукам кайрыктар, тактап айтканда, “Күттүм сени”, “Коштошуу”, “Сүйүп жүрдүм”, “Кылым дастаны” жана башкалар. .Обончу Болот Токтобаев менен маекке назар салыңыздар.

- Жакшы ыргак аксаңдаган ойлорго дайыма эле балдак болуп бере албайт. Ыр тандоо табитиңизди уксак…

- Биринчиден аксаңдаган ойлорду чыгармачылыкка эч качан аралаштырбайм, ыр тандоодо табитим жаман эмес, чыныгы поэзия менен обондуу ырлардын бир аз айырмасы болуп тураары талашсыз. Жаш кезде ыр тандоодо  менде дагы кемчиликтер болбой койгон жок.

- Ийгиликтин ачкычы таланттын күчүндө болуп жүрбөсүн…

- Чындыгында «талант» Жараткандын берген шыбагасы, ийгилиги  талант ээсинин ой-туюмунда, ниет-пейилинде, баскан-турганында жана аракет-изденүүсүндө.

- Адамдын жакынынан өтөөр сынчысы жок дешет. Сынга кандай карайсыз?

- Туура. Менин биринчи угарманым да, сынчым дагы келинчегим Сүйүнбүбү Анарбаева.  Ал өзү кесипкөй ырчы. Чыгармачылыкты да тереңден маани берип,  талдай алган адам.

- Тез келген атак тез өчөт дешет. Атактуулук сиздин баамыңызда…

- Түбөлүгү жок атакты эч ким түбөлүккө кармай албайт.

- Балдарга кандай атасыз?

- Кыргызда жакшы сөз бар, «дээринен» деген, бирок тарбияга сөзсүз маани берүү керек. Балдарды тарбиясыз калтырууга болбойт.

- Кезегинде обондору популярдуулукка жеткен талант «жылдыз оорусу» менен ооруду бекен?

- Менин  чыгармачылыгымдын башы коом алмашып жаткан кезге туш келип эчнерсени сезбей калдым, ал эмес өкүнгөн учурларда  болгон, бирок буйрук экен да.

- Кайрадан чыгармачылыкка баш урупсуз...

- Ооба, канчалык бул чөйрөдөн алыстаба, талант ташты дагы жарып чыккандай, баарибир өзүнө тартып туруп алат экен да, өнөр дегениң. Азыр жубайым Сонунбүбү Анарбаева экөөбүз дуэт ырларга басым жасап жатабыз. Дагы алдыда чоң максаттар бар, буюрса.

Динара Асылбекова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости