www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атанын кызы

Жашоодо “Атасынын атын уулу чыгарат же уулга тете кызы чыгарат” деген кеп бар. Ансыңарындай, обончу Догдурбек Урмамбетовдун кызы Лира  атасы чапкан искусство жолуна, музыка дүйнөсүнө жөн жерден келе калган жок. Бала кезден эле ырчы болом деген тилеги иш жүзүнө ашып олтурат.

- Ар тараптуу өнөр ээси болуу да Жараткандан. Узчулук өнөрүңдүн башаты качан башталган?

- Караколдо жашап жүргөндө, анда Айнура эжекем сатып берген «барби» куурчактар бар эле. Ошол оюнчуктардын комплектисинде ченемдүү эле көйнөктөрү  боло турган, азыр эстесем  фантазиямдын күч алуусуна, куурчактын көйнөктөрүн тигүүгө ошондо түрткү бергендир.  Апамдын кээ бир жакшынакай көйнөктөрүнүн этектерин кесип алып көйнөк тигип салган учурлар да аз эмес. Эстен кеткис, кандай гана керемет бал татым бала чак күндөр өттү.  Унутулгус күндөр. Баардыгына жетишкенге аракет кылчумун, башталгыч класста  «отличница, староста» элем бирок  ошол тикмечиликке аябай берилип кетип бир аз окуудан начарлап кеткен да учурлар  болгон. Кийинчерээк атам үчүн мен оюнчуктар менен эле ойноп жаткандай көрүнгөндүрмүн, сабакка көңүл бурбай калды дедиби, айтор, бүт оюнчук кийим — кечелери менен баарын өрттөп салып, ошол кезде мен үчүн “шедевр” көйнөктөр күлгө айланды да калды.

Сахнага чыга баштаганда кээ бир көйнөктөрдү өзүмдүн оюмдагыдай модельерлерге заказ кылып, жана ошондой эле клиптерге өзүм да тигип баштаган учурлар болду. Ойлоп көрсөм чоң атам Үсөн  окумуштуу Абрамзондун китебине чейин кирип калган атактуу чебер уста болгон экен. Ал эми апакем тараптан өзү баш болуп эжелеринин баары эле тикмечилер.  Эки жактан тең генде  бар устачылык  мага түрткү  берип турат окшой.

- Атактуунун кызы болуу оной эместир...

- Оболу, атактуунун кызы болуу чоң жоопкерчилик. Кээде оной, кээде кыйын эле! Анткени ар бир адамдын өздөрүнө жараша кыялдары бар! Кээ бир айткан иштерин жасабай калсан, атамдын бир эле сүрдүү көз -карашы жетишет.  Чынында абдан жөнөкөй, жумшак, адамкерчиликтүү, чындыкты сүйгөн адам. Ал патриоттук ырлардын атасы десем да жаңылышпайм! Көптөгөн патриоттук сезимди ойготкон чыгармалары бар! Кыргыз элим, Кыргызстаным деп гана ар дайым айтып жүрөт! Кыргызстанда эң эле көп патриоттук ырларды жазган атам Догдурбай Урмамбетов.

Ал «Рух Казына» коомдук бирикмесинин президенти. Кыргызстан Композиторлор Союзунун мүчөсү. Обончу – композитор, аткаруучу, вертуоз – аккордеонист. Жылдын мыкты ырынын катарына «Саякбай манасчы» аттуу ыры кирди.  «Ала – Тоо кыргыз жери», «Мекеним», «Мекен жер» ж.б. патриоттук ырлары коп. Жакында эле «Жети-Өгүз» районунун «АРДАКТУУ АТУУЛУ» наамын (медаль) жана бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда «Ала-Тоо мырзасы» медалын алды. Өкмөт ыйгарган "Ардак грамотасына" ээ болду. Андан тышкары былтыркы Италиядагы Кастельфидардо шаарында өткөн 42 - эл аралык аккордеонисттердин “Фисгармоника-2017” аттуу фестивалына чакыруу баракчасын алып, Дипломант болуп келди. Ал кыргыз элинин залкар комузчуларынын күүлөрүн жана өзү  чыгарган чыгармаларын аккордеондо ойноп, көпчүлүгүн тамшандырды.

- Соц.тармакта патриоттук духту ойготкон постторуна көзүм чалынды эле...

- Патриоттук сезим бул атамдан мага жуккан окшойт! Атаң барда эл тааны, атың барда жер тааны демекчи...Туулган жерим, ата — бабаларыбыз сактап калган, тарыхы кең болгон жеримди кантип даназалабайм?! Курутун, сүзмөсүн, беш бармагын, этин жана башка даамдуу тамактарын татып, өсүп чоңойгон, өзгөчө суусун жана ошондой эле жайлоолору, талаасы, Ысык-Көлү менен сыймыктанам!

 Менин оюмча шөкүлөлөрдү бекеринен жасабадым, анткени бул баш кийим кыргыз элине таандык салттуу баш кийим болгондуктан “Шөкүлө" - конус формасында тигилген кыргыздын кыз-келиндеринин элдик баш кийими. Өтө кооз, аны турмуш жолуна аттанган кыз ата-энесинин төрүнөн кийип чыгат.

Өзүм жасап чыккан шөкүлөлөрдү «Design By Lira Seven» (дизайн бай Лира Севен), линияма караштуу жаныча, түшүмө кирген дизайндары менен заманбапка ылайыкташтырып жасап, тигип чыктым! Быйыл өткөн «Fashion week» ачылышна, моделдер кийип чыккан көйнөктөр жана «Шөкүлө» коллекциям менен катышып калганга үлгүрдүм. Андан тышкары жергиликүү телеканалдарында  моделдер менен көргөзмө  өткөрдүм. Кыргыздын улуттук баш кийими шөкүлөнү дүйнөгө таанытуу менин бирден-бир максаттарымдын бири.  «Сулуулук дүйнөнү сактайт» - деп бекеринен айтылбаса керек. Ушул демилгени быйыл көтөрүп чыктым! Бул дагы кымындай болсо дагы, эли-жериме болгон кызматым, патриоттуулугум!

- Кыз баркы кымбат дешет...

- Кыздын чачы улук, назик болот. Кыз бала өзүнүн төркүнүндө  гана эркелей алган. Кыз эң биринчи ата-энесин ойлойт, карайт, багат!

- Тарбия энеден башталат дейт...

- Апам абдан жөнөкөй, шайыр, мээримдүү, сезимтал руханий байлыкка кызыккан адам. Кесиби боюнча мугалим. Үйдүн кутун кармап турган, жөлөгүбүз! Кээде «серый кардинал» - деп тамашалап калабыз.

- Ырчылык өнөр сиз үчүн...

- Жан дүйнөмдү эргиткен, чын жүрөктөн чыккан обондорду созуп ырдап калуу бул өзүнчө бир чон ырахат! Бактылуулук! Дайым жандуу ырдаганды жакшы көрөм. Азыркы жетишкендиктерим аз деп эсептейм, андыктан талыкпай эмгектенип, чыгармачылыгымды өркүндөтүүгө аракет жумшайм.

Динара Асылбекова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости