www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын экс-президенти Курманбек Бакиев жалпы кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктады.

"Урматтуу кыргызстандыктар!

Ардактуу кыргыз элим! Эң оболу жалпыңыздарды кирип келе жаткан 2022- жаңы жылыңыздар менен өзүмдүн, үй-бүлөмдүн, жакындарымдын атынан чын дилимден куттуктаймын!

Жаңы-жыл Кыргызстандын ар бир үй-бүлөсүнө бак-таалайдын, ырыскынын, ынтымактын жылы болсун!

Өлкөбүздө тос-тополоң, башаламандык, кагылышуу, кан төгүлүү сыяктуу эч кимге керек эмес каргашалар кайталанбасын!

Кыргыз элим илгеркидей бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, аксакалдар туура сөзүн сүйлөгөн калыс болуп, жаштарыбыз жамандыктан алыс болуп, сын көз менен карап турган башка элге үлгү бололу!

Социалдык тармактардан мени жана менин үй бүлөмдү жаңы жыл менен куттукташып, аруу тилектерин, жакшы каалоолорун жазып жатышкан мекендештериме чын жүрөктөн ыраазы болуп, рахмат айтамын.

Силердин мага карата жазган куттуктоо сөздөрүңөр, асыл тилектериңер көп жылдан бери сыртта жүргөн мага күч-кубат, дем берип жатты. Мүмкүнчүлүк болсо ар бириңдин аты жөнүңөрдү өзүнчө атап, ар бириңерге ырахматымды, каалоомду айтсам жарашмак. Бирок, андайга убактым жетпешин жакшы түшүнөсүңөр. Ошондуктан баарыңарга болгон ой-тилегим  жакшылык. 

Өлкөдө акыркы он жыл ичинде тоңгон муз ээрип, муз менен кошо тоңуп турган кеме кыймылдап, жакшылыкка, өнүгүүгө багыт алып сапар тартканы сезилип турат. Бул нерсе менин да ичимди жылытып, ички дүйнөмдө жакшылыктын үмүтүн жандырды.

Өз элин ойлогон адам: кандай шартта, кайсыл жерде болбосун, жүрөгүндө өзүнүн туулган жери, боордош эли менен бирге болот.

Ошондуктан өлкөбүздөгү болуп жаткан өзгөрүүлөргө кыргыз элим менен кошо мен да кубанып жатамын.

Ылайым эле Кыргызстаныбыз гүлдөп, кыргыз элим жамандык көрбөй жашасын!

Оору-сыркоодон, өлүм-житимден сыртта болуп, жаңы жылды жакшы маанай менен тосуп алыңыздар!", - деп айтылат куттуктоодо.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости