www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын директору Болотбек Тиллебаев УТРКнын Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы телекомпанияларын кыдырып, алардын ишмердүүлүгү менен таанышып, кызматккерлер менен жолугушту. 

Алгачкы сапарын Тиллебаев чек арага чектеш Баткен облусунан баштап, облус жетекчиси А.Алимбаев менен облустук телерадионун абалын жакшыртуу жана кызматташуу багытында баарлашты.   

УТРКнын жетекчилиги тарабынын Баткен облустук телерадиокомпаниясынын материалдык-техникалык базасын чындоо максатында 1 автомашина, 1 видео камера жана монтаждоочу ноутбук берилди. 

Ал эми Ош облусунда УТРКнын телекомпаниясы түптөлө турган болду.  Башкы директор Ош шаарындагы облустук телерадионун эски имаратынын абалы менен таанышып чыкты. Бир гана Ош облусу боюнча УТРКнын телерадио компаниясы жок. Бул багытта Б.Тиллебаев ОшМУнун ректору К. Кожобеков менен жолугуп, облустук телерадионун имаратын калыбына келтирүү багытында пикир алышты.

“Республиканын ири аймагы болгон Ош облусунда УТРКнын телерадиокомпаниясы болушу керек жана аны кайрадан негиздеп чыгууга баардык аракеттер жумшалат. Жакынкы келечекте УТРКнын Ош облусу боюнча телерадиокомпаниясы түптөлөт”,- деди башкы директор. 

Ушул эле күнү Б.Тиллебаев Жалал-Абал облустук телерадиокомпаниясында болду. Башкы директор телеканалдын техникалык абалы, чыгармачылык топтун аракеттери, көрүүчүлөрдүн табитине ылайыкташкан жаңы долбоорлор менен таанышып, мыкты долбоорлор жана телекөрсөтүүлөр УТРКнын негизги телеканалдарынан көрсөтүлүп, эфирдик убакыт берилээрин билдирди.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости