www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нурдан Орунтаевди колдоп пикетке чыккан аялга иш козголду

26-майда вице-мэр Нурдан Орунтаевди колдоп Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имаратынын алдына жеке пикетке чыккан Назира Муканбетовага кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Kaktus.media сайты укук коргоо органдарындагы булактарына таянып жазып чыкты. 

Маалым болгондой, ал коомдук тартипти бузуп, Г.Ч.нын жанынан өтүп бара жатып оозеки чыр-чатак чыгып, ага карата физикалык күч колдонгон. Буга байланыштуу окуянын чоо-жайын тактоо үчүн милициянын ыкчам тобу чакырылган.

Эки аял тең Биринчи Май РИИБнин ГОМ-5 бөлүмүнө жеткирилип, Г.Ч.нын арызынын негизинде Муканбетовага карата Кылмыш-жаза кодексинин 119-беренеси («Майда бейбаштык») боюнча иш козголгон. 

Экспертизалар жүргүзүлүүдө.

Эске салсак, 24-майда Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев милиция кызматкерлери жана муниципалитеттин кызматкерлери менен биргеликте Жал кичирайонунда жайгашкан “Батуми” кафесин бузуп салган. 

Орунтаевдин айтымында, кафе мыйзамсыз курулган, жерди ижарага алуу келишиминин мөөнөтү бүтүп калган.

Мекеменин ээсинин юристтери вице-мэр Нурдан Орунтаев кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чаап кеткенин, ал Садыр Жапаровдун уулунун атын да колдонуп жүргөнүн айтышты.

25-майда Камчыбек Ташиев бузулган кафенин жерине келген. Ал тиешелүү органдарга кырдаалды иликтеп, күнөөлүүлөрдү жазалоону тапшырды.

Бишкек шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Нурдан Орунтаев УКМКга суракка чакырылган.

Тергөөнүн жүрүшүндө Орунтаев жабыркаган тарапка келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттенген. 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости