www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбор калаада 8-мартта аялдардын укугу үчүн жөө жүрүш өтөт

Бишкекте, 8-мартта, Спорт ордосунун жанында гендердик зомбулук жана дискриминацияга каршы аялдардын тилектештик тынчтык жөө жүрүшү өтөт. Бул тууралуу «8/365» феминисттик кыймылы билдирди.

Бул жылы өтө турган жөө жүрүштүн темасы — аялдардын эркиндигине жетүүдөгү тилектештиги.

Уюштуруучулар билдиргендей, Кыргызстанда коомдук жайларда, окуу жайларда, коомдук унаада аялдарга карата ыдык көрсөтүү көбөйүүдө. Ал эми милиция менен соттор аялдарга каршы кылмыштарга көз жуумп, натыйжасыз иштөөдө.

«Эркектер менен аялдардын эмгек акыларынын айырмасы 30%ды түзөт. Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетишсиздигинен аялдар балдар менен отурууга же үйдөн иштеп эки жүктү көтөрүүгө аргасыз болууда.

Гендердик теңдик тууралу мыйзам иштебей жатат. Бүгүнкү күнү министрлердин арасында эки эле аял бар», — деп билдиришет уюштуруучулар.

Ошондой эле, алар жети облуста, 40 райондо, 32 кичи шаарда жана 453 айыл өкмөтүндө бир да жетекчи аял жок экенин белгилейт.

Алар жөө жүрүшкө зомбулукту токтотуу боюнча улуттук иш-аракеттер планын киргизүү, үй-бүлөлүк зомбулук үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу, ар бир райондо мамлекет тарабынан каржыланган кризистик борборлорду ачуу, аялдардын социалдык жана эмгек укуктарын кепилдиктерин камсыз кылуу сыяктуу талаптар менен чыгат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости