www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ Украинага Орусияга сокку уруу үчүн чалгындоо маалыматын бербейт. Пентагондун басма сөз катчысы Патрик Райдер мындай маалыматты абсурд деп атады.
«Мен кээ бир басма сөздө орус аткаминерлери менен АКШ мындай операциялар үчүн маалымат берип жатат деген билдирүүлөрдү көрдүм. Биринчиден, мен Украинанын мындай операцияларды жүргүзгөнү тууралуу эч кандай маалыматым жок экенин айткым келет», - деди Патрик Райдер брифингде.
"Мен так айта алам: Кошмо Штаттар Орусиянын аймагындагы буталарга сокку уруу үчүн украин тарапка чалгындоо же башка маалыматтарды берип жатат деген дооматтар абсурд", - деп кошумчалады ал.
Пентагондун өкүлү "АКШ Орусия менен согушпайт" деп ишендирди. "Биздин күч-аракетибиз Украинаны өзүн-өзү коргоого колдоо көрсөтүүгө гана багытталган", - деп баса белгиледи Райдер.
Февраль айында ЦРУнун башчысы Уильям Бернс Украинага берилген чалгын маалыматтары орус армиясына каршы күрөшкө жардам бергенин айткан.
2022-жылдын май айында The New York Timesгезити жогорку даражалуу америкалык аткаминерлерге шилтеме жасап, АКШ Украинага орусиялык офицерлердин өлүмүнө алып келген чалгын маалыматын бергенин жазган. Пентагон бул маалыматты четке каккан. Кийинчерээк Washington Post гезити АКШ бийлиги чалгын кызматтарына орус куралдуу күчтөрүнүн жетекчилеринин, ошондой эле Орусиянын аймагында жайгашкан буталары тууралуу маалыматты Киевге берүүгө тыюу салганын жазган.
Булак: NazarNews.kg