www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында Шаар күнүн майрамдоонун алкагында, шаар мэри Айбек Джунушалиев катышкан салтанатта капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эки шаардык фонтан ачылды. Алар — Театралдык гүл бакчасында, Кыргыз улуттук опера жана балет театры жанында жайгашкан фонтан жана Уркуя Салиева аянтындагы фонтан.

Жанаша жайгашкан аймактарды оңдоо жана көрктөндүрүү иштери жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жүргүзүлдү.

Театралдык гүл бакчасында фонтанды оңдоо иштерин «Азия Строй Групп» ЖЧКсы аткарды. Реконструкциянын жүрүшүндө фонтан толугу менен жаңыланып, инженердик тармактары алмаштырылды. Архитектуралык формалары заманбап материалдар жана жабдуулар менен калыбына келтирилип, жаңы жарыктандыруу системасы орнотулду, айлана-тегерегине таман таштар төшөлдү.

Ал эми Уркуя Салиева аянтындагы фонтанды «Гранд ПРО» ЖЧКсы реконструкциялады. Бул жерде заманбап технологиялар колдонулуп, жарык-музыка менен коштолгон «бийлеген» фонтан системасы орнотулду.

Сууну чыпкалоо жана жалбырак чогултуу системалары да орнотулган. Айлана-чөйрө жакшыртылып, жаңы таман таштар, отургучтар жана таштанды челектери орнотулган.

Эки объект тең белгиленген жол-жоболорго ылайык пайдаланууга берилди. Ачылыш аземи шаар тургундары үчүн маанилүү окуя жана шаардын инфраструктурасын өнүктүрүүдөгү дагы бир кадам болду.

 

Последние новости