www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Гүлчө шаарында катталган селдин кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү иштери уланууда. Бул тууралуу ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынан кабарлашты.
Учурда кырдаалды жөнгө салуу үчүн жалпы 303 адам жана 28 бирдик атайын техника тартылды.
ӨКМ тарабынан 83 куткаруучу, 7 инженердик техника, 1 ассенизатор, 1 манипулятор, 2 тралл жана 10 мотопомпа, жарандык коргонуу кызматтарынан 173 кызматкер жана 17 техника, 45 жергиликтүү тургун жана 2 жеке ишкер көмөктөшүүдө.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 27-28-апрель күндөрү Ош облусунун Алай районунун Гүлчө шаарында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен кайрадан сел жүрүп, турак үйлөрдүн жана социалдык объекттердин короолоруна жана жер төлөлөрүнө сел суулары кирген.