www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарын облусундагы Солтон-Сары кенинде алтын казып жаткан "Zhong Ji Mining" компаниясы мал кырылып жаткандыгы үчүн жергиликтүү тургундарга компенсация төлөп берет.
Компаниянын өкүлдөрү «ишкананын позитивдүү имиджин түзүү максатында» мындай кадамга барышкан, бирок төлөмдүн өлчөмүн ачыкташкан жок. Нарын районунун акими болсо ооруп жаткан малды бекер дарылашаарын айтты. Ошентип бийлик элге тоокко жем чачкандай сооротуу амалын жүргүзүүдө.
Демек, кытайлар менен бийлик кен казуудагы зыянды, ууланган экологияны эптеп жымсалдап, элди тынчтандырууга өттү. Кен жабылсын деген жергиликтүү эл мындай алдооч баштыкка түшкөнү калды...
Бийликтин минтип жандалбастап жатканына караганда, эмне болсун кенди иштетебиз деген максаты көрүнүп турат. Вице-премъер министр Кубатбек Боронов барып карапайым калкка ороңдоп, корсулдап жатканы башкача болчу. "Жооштон жоон чыгат" дегендей Боронов дагы кыял күтө баштады...
"Жаман атка жал бүтсө жанына торсук байлатпайт" болуп, - дейт Фабула гезити.
Булак: NazarNews.kg