www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бороновдун айтканында “данек” бар...

Акыркы 2-3 күндөн бери биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов: «Айылда эшек калбай калды»,-деп айтты деп эле талкууга алып жатып калдык. Аныгында Боронов туптуура айтты. Болгону оюн так, даана жеткире албай калды. Мына союз тараган жылдарды эстеп көрөлү. Кой кайтарсак эшек минчү элек, талаага сугатка барсак эшек минчү элек, үйгө суу ташысак эшек менен ташычу элек да. Азырчы? Азыр таптакыр башка. Талаага сугатка машина менен барат, үйдөн ысык суу, муздак суу чыгып атат. Баягы эшектин күчүн пайдаланбай калдык дегендей. Бул сөздү эшекке эмес, мурунку жашоо менен азыркы жашоону салыштыруу максатында айтты Айылчиевич. Чындыгында салыштырмалуу жашообуз Кудайга шүгүр эле да азыр. Акыл калчап ой жүгүртүп көргөндө Бороновдун айтканында жүйө, «данек» бардай.

Булак: “De-Факто”

Последние новости