www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл районунун Бостери айылында эки унаанын катышуусунда болгон жол кырсыктан бир адам каза болуп, үчөө жабыркады. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашты 

Маалым болгондой, жол кырсык 2-июлда болжол менен саат 07:10до Балыкчы – Ананьев -Каракол унаа жолунда болуп, Mercedes-Benz менен Kia K7 унаалары кагылышкан.

Жол кырсыгынын натыйжасында Mercedes-Benz унаасынын айдоочусу жаракат алып, бир жүргүнчүсү окуя болгон жерден көз жумган. Ошондой эле Kia K7 унаасындагы эки жаран жаракат алган.

ЖКККББ жол кырсыктардын алдын алуу үчүн жарандарыды эреже бузган айдоочулар тууралуу 0777 102 102 номерине дароо кабар берүүсүн суранат.

Последние новости