www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери, активист Жоомарт Карабаевге «массалык башаламандыктарга чакырыктар» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова билдирди.

Карабаев 2-июлда УКМКда суракта болгондон кийин кармалган. Эми анын бөгөт чарасы сотто каралат.

Эскерте кетсек, буга чейин Карабаев социалдык тармактар аркылуу УКМКнын ишин сынга алып жүргөн. Ал Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлери кылмыш иштери боюнча экспертизаларды УКМКнын кызматкерлеринин көрсөтмөсү боюнча жазарын айтып келген. Аны менен бирге экспертизаны тиешелүү сертификаттары жок кызматкерлер жасай турганын билдирген.

УКМК айтылган сындар боюнча үн каткан эмес. Ошондой эле атайын кызмат Жоомарт Карабаевдин кармалышы боюнча маалымат бере элек.

Кыргызстанда буга чейин да соцтармактагы билдирүүлөрү үчүн кылмыш иши козголуп, жоопко тартылган жарандар болгон. Аларга көбүнчө «массалык башаламандыктарга чакырыктар» же «бийликти басып алууга чакырыктар» беренеси менен иш козголгон.

Последние новости