www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бостери айылында уюшкан кылмыштуу топтун үч мүчөсү жергиликтүү барда чыр чыгарышкан. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, окуя 21-июлда пансионаттардын биринде болгон. Саат 5.30дар чамасында барга үч жигит келип, кызматкерлерди сөгүп, адепсиз сөздөрдү айтып,бычак менен коркутуп, ичимдик ичкен соң бардын идиш-аяктарын, мүлкүн сындырып, чыгып кетишкен.

Аталган факты каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси «Бейбаштык» боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында 28, 27 жана 21 жаштагы үч жергиликтүү тургун кармалган. Алар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары каттоодо турат.

Кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости