www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Joker түнкү клубунунан чыккан өрт өчүрүлдү. Жабыркагандар жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн саат 10:20 чамасында Ысык-Көл районунун Бостери айылында жайгашкан Joker түнкү клубунан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине өрттү өчүрүүгө саат 10:22де Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан 2 өрт өчүрүүчү тартылган.

Чыккан өрт саат 11:45те чектөөгө алынып жана өрт толук саат 13:23тө өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен жалпы эки кабатту имараттын 496 ч.м күйгөн.

"Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана толук материалдык чыгымдары такталууда. Өрттөн жабыркагандар жок", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости